Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:46

Футболчу Айдана Оторбаева карьерасын "Енисей" клубунда улантат


Айдана Оторбаева
Айдана Оторбаева

Кыргызстандык футболчу кыз Айдана Оторбаева Орусиянын жогорку лигасында ойногон "Енисей" клубуна чакыруу алды. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына жазды.

Маалыматка караганда Оторбаева бир жума аталган клубдун кароосунда болуп, 2018-жылдын январь айында баштала турган машыгууга чакыруу алды. Келишим канча мөөнөткө түзүлө турганы ошол учурда билинет.

Айдана Оторбаева 21 жашта. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин быйыл аяктады. Үстүбүздөгү жылдын июль айында Кыргыз Республикасынын футбол боюнча спорт чебери наамын алды.

"Абдыш-Ата" жана Футбол федерациясынын футбол борбору клубдарында ойноп Кыргызстандын чемпиондугун беш жолу жеңген. Аталган клубдардын кичи футбол боюнча командаларынын катарында дагы үч жолу өлкө чемпиону болгон.

Бир нече эл аралык мелдештерге катышып ("Надежда", "Эл аралык Ысык-Көл оюндары") баш байге алган. Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндердин улуттук курама командасынын катарында 10 жолу оюнга чыгып, бир нече эл аралык мелдештерде ойногон. (ECh).

XS
SM
MD
LG