Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:23

Маликов: Динди шайлоого аралаштыруу кооптуу


Кадыр Маликов
Кадыр Маликов

Шайлоодо диний ресурсту колдонуу келечекте кыргыз коомунун экиге бөлүнүшүнө алып келиши ыктымал. Мындай пикирин "Азаттык" радиосуна “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борборунун жетекчиси Кадыр Маликов билдирди:

- Албетте, ар кандай коллизияларга шылтап айрым учурларды кыйгап өтсө болот. Бирок диний фактор шайлоо үгүтүндө жана саясий атаандаштыкта колдонула баштаганы факт. Бул абдан жаман. Эртеби же кечпи, бул негативдүү кесепеттерге алып келиши ыктымал. Ар бир диний кызматкер Аллага баш ийип, коомго, башкача айтканда, мамлекетке баш ийүүгө милдеттүү. Бирок ал бийликти тейлөөгө өтпөшү керек. Бүгүнкү күндө динге ишенгендерди саясий процесске жөн гана жаран катары эмес, шайлоого тартып, кооптуу прецедент жаралып жатат. Саясатташуу кийин мусулман жамаатынын абалына, Кыргызстанда исламдын өнүгүүсүнө таасир этет. Бийликтеги айрым чиновниктер шайлоодо административдик ресурс менен катар диний ресурсту да колдонуп, коомду экиге бөлүп салышы мүмкүн.

24-сентябрдагы жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясы диний аалым, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловдун талапкер Сооронбай Жээнбековдун пайдасына үгүт жүргүзгөнү боюнча арызды карады. Жыйында Чубак ажы Сооронбай Жээнбековдун Жалал-Абадда шайлоочулар менен жолугушуусуна конок катары барганы, аны иш-чаранын уюштуруучусу, президенттикке талапкер Камчыбек Ташиев чакырганы айтылды.

Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун Жалал-Абаддагы эл менен жолугушуусунда Чубак ажы Жалиловдун сүйлөгөн сөзү тартылган видео 20-сентябрда интернетте тараган. Тасмада Жалилов "Жээнбековду колдойбуз деп келип отурабыз" деп айткан.

Бул боюнча жарандык активисттер диний ишмер шайлоо мыйзамын бузуп жатат деп БШКга кайрылышкан.

Жалал-Абаддагы жыйында Камчыбек Ташиев бийликтин талапкери Сооронбай Жээнбековду колдоорун билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG