Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:26

Керим Тураповдун жери боюнча маселе парламентте козголду


Бишкек
Бишкек

Улуттук филармониянын мурдагы директору Керим Тураповдун жер тилкесиндеги курулуш боюнча маселе бүгүн Жогорку Кеңеште көтөрүлдү.

Кыргызстанда турак-жай, курулуш мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү долбоору талкууланып жатканда депутат Улукбек Ормонов Тураповдун мүлк укугу тууралуу маселени козгоду. Депутат Бакирдин Субанбеков да “Документтердин баары колунда болсо, 2-3 миллион сом сарптаса, эми соттун чечими менен токтотуп койсо, бул чыгымдарды ким төлөйт?” деп суроо койду.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев депутаттардын суроосуна:

- Керим Тураповго берилген жердин укугун мэрия алып койду. Жери жок болуп калды. Жоопкерчилигин тийиштүүлөр териштирет го, - деп жооп берди.

Керим Турапов Бишкектин “Түштүк дарбазасы” жактан 0,28 гектар жер тилкесин 2008-жылы мыйзамдуу жол менен сатып алганын, Түркиядан инвестор таап, кабат үй салдырып, биринчи кабатында вокал мектебин ачууну көздөгөнүн айтып келет. Бирок 2013-жылы прокуратура органдары бул тилкенин бөлүнүшү мыйзамсыз болгонун айтып чыгышкан жана көптөгөн соттук териштирүүлөрдөн кийин Жогорку Соттун чечими менен жерге ээлик кылуу укугу мыйзамсыз деп табылган. Учурда курулуш иштери токтоп турат. (RK)

XS
SM
MD
LG