Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:28

Бишкектик дарыгерлер Чоң-Алайдагы келинди аман алып калышты


Келинди аман алып калган дарыгерлер.
Келинди аман алып калган дарыгерлер.

10-январь түнү Ош облусунун Чоң-Алай районунда “Саламаттыкты сактоо тармактарын каржылоо жана анын жыйынтыгы” аттуу долбоор боюнча семинар өткөрүп жаткан бишкектик дарыгерлер кош бойлуу аялды өлүмдөн сактап калышты. 9-январь күнү толгоосу башталган келиндин төрөтү кыйындап, бала чарчап калуу коркунучунда эле. Иш сапар менен жүргөн профессор Арсен Аскеров баштаган дарыгерлер тобу дароо жардамга барышып, эне-баланы аман-эсен сактап калышты деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлигинин кеңешчиси Елена Баялинова “Азаттыкка”.

Аталган долбоор Кыргызстандын бардык аймагында төрөт учурунда жардам көрсөтүү жана кооптуу кырдаалдын алдын алууга да багытталып, аймактардагы 42 адиске кошумча билим берди. Жакын арада өлкөнүн ар кайсы жериндеги 21 ооруканада бул багытта атайын тренингдер өтөт. (BCh)

XS
SM
MD
LG