Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:28

"Аэрофлот" өз учагына Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгарды


"Аэрофлоттун" Чыңгыз Айтматов атындагы жаңы Боинг–737-800 учагы, "Шереметьево" эл аралык аба майданы, Москва, Орусия, 19.01.2014.
"Аэрофлоттун" Чыңгыз Айтматов атындагы жаңы Боинг–737-800 учагы, "Шереметьево" эл аралык аба майданы, Москва, Орусия, 19.01.2014.
Орусиянын эң ири авиакомпаниясы өзүнүн жаңы муундагы Боинг–737-800 самолётуна дүйнөгө атагы чыккан жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгарды. Бул тууралуу "Аэрофлоттун" басма сөз кызматы маалымдады.

Авиаишкананын маалыматы боюнча, бул "Аэрофлоттун" ушул үлгүдөгү төртүнчү учагы. "Боинг–737-800 самолётуна советтик жана кыргыз жазуучусу Чыңгыз Төрөкулович Айтмтовдун ысымы ыйгарылды", – деп кабарлады авиакомпания. Айтматов атындагы учак кайсыл багыттарга каттаары айтыла элек.

Учурда "Аэрофлот" Бишкек – Москва багытын аптасына 15 ирет Аэробус–319, Аэробус–320 жана Аэробус–321 самолёттору менен тейлейт. "Аэрофлоттон" сырткары, Кыргызстандын "Эйр Бишкек" авиаишканасы өзүнүн Аэробус–320 учагына Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгарган. (BAz)

XS
SM
MD
LG