Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:06

“Замандаш” жылдын мыктыларын аныктады


«Замандаш» журналынын тандоосу боюнча “Жылдын мыкты мамлекеттик ишмери” деген сыйлык Бишкектин мэри Нариман Түлөевге берилди. “Жылдын өнөр табылгасы” болуп “Азаттык” үналгысынын баяндамачысы Шайлообек Дүйшеев таанылды.

“Замандаш” бирикмеси ар жыл сайын Кыргызстандын ар тармагында өзүн көрсөткөн мыктыларды коомчулуктун упайы аркылуу аныктап, сыйлык тапшырууну салтка айландырып баратат. Быйылкы жылы да бирикме жылдын мыктыларын атап, сыйлык тапшырды.

Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө кошкон зор салымы үчүн мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевге «Улут күзгүсү» деген сыйлыкты “Замандаш” ассоциациясынын төрагасы Мухтар Өмүракунов тапшырды.

Турдакун Усубалиев замандаштарын алдыда келаткан жаңы жылы менен куттуктап, элди ынтымакка, биримдикке чакырды.

«Мыкты мамлекеттик ишмер» сыйлыгын Бишкек мэри Нариман Түлeев алды:

-Бул сыйлык мен үчүн күтүүсүз болду. Мага дагы жоопкерчиликти жүктөдү. Жеке эле мага эмес шаарга берген баа,- деди Нариман Түлеев.

Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан кесипкөй боксчу Алмазбек Райымкуловго «Алыстагы сыймыктанчу инсан» деген сыйлык ыйгарылды. Ал учурда АКШда жашап, машыгып жүргөндүктөн сыйлыкты анын агасы алды.

“Колу жеңил улукман” аттуу “ сыйлыгы Саламаттык сактоо министрлигинин башкы урологу, медицина илимдеринин доктору Акылбек Усупбаевге берилди.

«Жылдын мыкты ишмери» деп Программалык камсыздоону иштеп чыгуучулар ассоциациясынын төрагасы Азиз Абакиров таанылды.

«Жылдын өнөр табылгасы-рух дүбүртү” сыйлыгы “Манас” эпосундагы жаңы варианты үчүн «Азаттык» үналгысынын баяндамачысы Шайлообек Дүйшеевге берилди.

Сыйлыкты алып жатып, Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев “Замандаш” бирикмеси кыргыздын шаасын бийик көтөрүп жаткандыгын баса белгиледи.

Ал эми “Жылдын мыкты маалымат каражаты” аттуу сыйлык “Ала-Тоо” маалымат программасына ыйгарылды.

“Ала-Тоо торгою” деген урмат-сыйга элдик ырларды,эстраданы жеткиликтүү ырдаган жаш ырчы Аскат Мусабеков арзыды.

«Жылдын чет өлкөдөгү мыкты диаспорасы»- сыйлыгы Орусиянын Ленинград облусундагы “Бирдиктүү Кыргызстан” кыргыз диаспорасына берилди.

«Жылдын мыкты спортчусу» сыйлыгына тай бокс боюнча дүйнөнүн алты жолку чемпиону Валентина Шевченко ээ болду.

“Улуу мурас” аталган «Жылдын улуттук оюну» сыйлыгына “Салбуурун” федерациясы татыктуу деп табылды.

Ошондой эле «Жылдын мыкты өндүрүшү» деп Түп районундагы “Элдияр” үрөнчүлүк чарбасы аталды.

«Замандаш» коомдук уюмунун жетекчиси Мухтарбек Өмүракуновдун айтымында жылдын мыктыларын коомчулуктун өкүлдөрү, журналдын окурмандары, бейтарап эксперттер упай берүү менен үч этапта калыс аныкташты.

Ал эми “Жыл жаңырыгы” сыйлыгына ишкер Табылды Эгембердиев уюштурган “Супура” улуттук-этнографиялык комплекси татыктуу болду.

“Кыргызстандагы жылдын диаспорасы” сыйлыгы жергиликтүү карачайлардын “Ата-Журт” эл аралык ассоциациясына берилсе, “Жылдын чебери” сыйлыгы “Алтын кол” өндүрүштүк бирикмесинин жетекчиси Майрам Өмүрзаковага ыйгарылды.

Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге “Замандаш” бирикмесинин “Жыл министри” сыйлыгы тапшырылды.

“Жылдын телевидениеси” деп ЭлТР компаниясы аталды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG