Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:35

Ooганстанда өспүрүм кыз мектептин багын ачты


Ооганстандын чыгышындагы кыштакта бир кыздын берешендиги менен кыздар мектебинин багы ачылды. Өспүрүм кыз өзүнө мураска калган жерден мектептин үлүшүнө баш тарткандан кийин окуучулар батпай калган класстарды кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.

Кыздар окуган мектептер көп өрттөлгөн өлкөдөгү бул окуядан кийин жер өтө тартыш болгон тоолуу айылдын тургундары кыздарынын билим алуусуна улам көбүрөөк ынтаа кое башташканы маалым болууда.

14 жаштагы Рима Нуринин берешен жарыясы жергиликтүү агартуучулар үчүн күтүлбөгөн жана өтө кубанычтуу окуя болуп калды. Ал жашаган Немла кыштагы Нангархар провинциясында тоо арасында жайгашкан, ошондуктан мында айдоо жер өтө тартыш жана абдан кымбат. Айылда кыздар окуган бир эле мектеп бар, бирок жердин кымбаттыгынан, класстар толуп кетсе да, класстарды кеңейтүү мүмкүн болбой келген.

Мына эми Рима өзүнө мураска тийген 1 гектардай жерди мектептин карамагына өткөрүп берди.

Мен бул жерди сата алмакмын. Бирок мектепте окуган эже-сиңдимдин кыйналганын көрүп, ал жерди жаңы мектеп курууга берейин деп чечтим. Болбосо, ал жерди сатсак, көп акча болмок.

Рима эже-сиңдиси менен окуган мектеп Когяни ооданынын билим берүү бөлүмүнө карайт. Бул бөлүмдү жетектеген Мухаммад Икбал Азизинин айтымында, бийликтер мектепти кеңейтүүнү караштырган, бирок жердин тартыштыгынан бул оюнан баш тартууга аргасыз болушкан. Азизи мына эми Риманын баалуу белеги менен бийликтерге сегиз класстан жана эки административдик кеңседен турган жаңы кошумча имарат курууга мүмкүнчүлүк түзүлүп отурат:

Рима Нуринин өзүнө тийешелүү болгон жерди мектепке берүү чечимине жооп кылып, Нангархар провинциясынын билим берүү бөлүмү Немлада жаңы мектеп кура баштады. Бул окуучунун жардамы менен, мектептин курулушу жакын арада бүткөрүлөт.

Рима кирпичтен курулган, жыгачтан полдонгон кабелтең жаңы мектеп сокмо үйлөрдүн арасында заңкайып, айылдын көркүн ачат деп үмүттөнөт. Риманын атасы Нурулла жергиликтүү бейөкмөт уюмда иштейт. Ал кызынын өз мурасынан баш тартканын колдойт жана ал чечими үчүн кызы менен сыймыктанат:

– Мен кызымдын билим берүү системасын өнүктүрүүгө кошкон салымына өтө кубанычтамын.

Немланын көп тургундары сыңарындай эле ал да өз үй-бүлөсүнө, анын ичинде үч кызына тийиштүү билим берүүгө чоң маани берет. Мындан бир нече жыл мурда бул жактарда кыздар билим ала алышкан эмес. Талиб бийликтеринин жардыгы менен кыздардын жана аялдардын билим алуу укугу жокко чыгарылган.

Бүгүн Немладагы 200дөй түтүндүн көбүнөн кыздар мектепте окушат. Тургундардын көбү кыздарынын жана неберелеринин билим алышын колдошот. Пакистан менен чек арадагы талип козголоңчулары кеңири таасирге ээ болгон коогалуу аймакта жайгашса да, жалпы эле Нангархар провинциясында билим алган жана оорукана, бейөкмөт уюмдарда иштеген кыз-келиндердин саны улам көбөйүп келатат.

XS
SM
MD
LG