Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:43

Таластык аксакалдар премьер-министр Атамбаевден кечирим сурап келишти


Кыргыз Республикасынын мурдагы президенти, экс-өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев
Кыргыз Республикасынын мурдагы президенти, экс-өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев

2007-жылдын 29-майда таластык аксакалдардын тобу премьер-министр Алмазбек Атамбаев менен жолугушту. Аксакалдар өткөн ишемби күнү Таласта өкмөт башчынын автонуаасын жергиликтүү тургундар таш менен урганы үчүн кечирим сурашты. Алар милиция тарабынан кармалгандарды бошотуп берүүнү өтүнүштү.

Өкмөт башчы кол салгандарды жеке өзү кечирээрин, бирок, мамлекетте тартип, мыйзамдуулук болуш керектигин, ар ким өз жасаган иши үчүн жооп бериш керек деген жообун берди.

Беш кишиден турган таластык аксакалдарды өкмөт үйүнө «Асаба» партиясынын төрагасынын орун басары Роза Отунбаева баштап келди. Жолугушуунун башында ден-соолукту сурашуу учурунда эле Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев уулангандыгы тастыкталып жатканын маалымдады:

-Мына бүгүн атайын справка алдым «Атамбаев ууланды деген». Эми премьер-министрге Ак үйдөн бирөөлөр уу берип атса бул жакшы эмес. Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет буга көңүл буруп койбогону да жакшы эмес.

"Мына ушундай оорудан дарыланып жатып, 24-25-майда Ялтадагы КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын жыйынына барбай, атайын Таласка барсам, таш менен урушканы жакшы болбой калды",- деп кошумчалады Атамбаев.

Аксакалдар атынан сөз алган Элүүбай Отунчиев мына ошол окуя үчүн кечирим сурап келишкенин ачыктады:

-Кечирим сураганы келдик. Жанагы балдардын арасында биз тааныгандар бар экен.Бул жерде отургандардын балдары, инилери, карындаштары бар экен. Ошолорду кечирип, ынтымакка келсек. Ошолорду бошотуп берсеңер деп суранып жатабыз. Мындан кийин андай иш кайталанбайт.

Бирок мына ушундай иштин болушуна өкмөттүн да салымы бар экенин Отунчиев белгилей кетти:

-Өкмөттүн күнөөсү - алтын кени жөнүндөгү так маалыматты бербегендиги, тендер өткөрбөгөндүгү, пайда-зыяндын элге түшүндүрүлбөгөнү.

Өкмөт башчы таш менен ургандарды өзү кечирерин, бирок, мыйзам бар экендигин эскертти:

-Ар бир адам өзү жасаган жоругуна жооп бериш керек. Анан кийин адам жоруктарды жасап коюп, кечирип кой, десе… Мисалы, мен кечирдим. Эч кимисин тааныбаймын. Тааныгым да келбейт. Бирок, сот деген бар, прокуратура деген бар, мыйзам деген бар. Кармалгандарды азыр чыгарып койсо эмнеге чыгардыңар, деп алардан да бирөөлөр сурайт. Анткени мамлекетте тартип деген болуш керек.

Кендин иши боюнча маселеге токтолгон премьер-министр Алмазбек Атамбаев буларды белгиледи:

-Жерүй боюнча алалы, экологиялык зыяндуу экенин, мыйзамдык кемчилигин далилдеп берсеңер бүгүн жаап берейин деп айттым го. Андашта каталыктар бар экен, долбоорун кайра карап чыгууну тапшырдым. Анан эч кандай кынтыгы жок болсо күч салган болбойт да.

Жолугушуунун соңунда Таластагы окуяны иликтөө үчүн атайын комиссия түзүү чечими жактырылды. Ага Роза Отунбаева, Турсунбек Акун жана жергиликтүү калктын өкүлдөрү кирмекчи. Комиссия окуяны тез арада иликтеп, анын жыйынтыгын жарыяламакчы.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG