Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:59

КӨП АЯЛ АЛУУЧУЛУК КӨҢҮЛ ЧОРДОНУНДА


Жогорку Кеңеш март айынын ичинде Кылмыш Кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун караганы турат. Долбоордо көп аял алган адамды жазалоого багытталган жобо алынып салынган. Адилет министри көтөргөн бул демилге коомдук-саясий чөйрө талкуулаган олуттуу маселелердин бирине айланды.

Буга ириде лидер аялдар каршылык көрсөтүшүп, аталган беренени алып салуу ансыз да мамлекеттик ишмерлер арасында кадыр эсе көрүнүшкө айланып бараткан көп аял алуучулукту мыйзамдаштырып коет деп добулбас урууда. Жарандык лидерлер бул аракет эл аралык нормаларга каршы келет деп, аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо багытында ар кыл иш чараларды уюштурууга өтүштү. Кылмыш кодексиндеги аталган жобону тескерисинче күчөтүп, көп аял алуучулукка жол берген аялдарды кошо жазалоо демилгесин көтөрүштү.

Бул маселени парламенттин шейшемби күнкү сессиясында эркек депутаттар да козгошту. Өкмөттү кыларга кызматы жоктун иши деп сындашты. Бул талкууга күбө болгон биринчи вице-премьер министр Данияр Үсөнов көп аял алуучулукту жаманаттылоо максатында атайын ойлонуп табылган ушак деп парламентте ачууланды:

- Көп аялдуулук жөнүндө силерде эмне мыйзамыңар барбы? Жок. А эмнеге көтөрүп атасыңар?

Ушак эмес эле президенттин атынан парламентке келген мыйзам долбоору экенин депутат Азимбек Бекназаров чындыкка чыгарды:

- Күн тартибинде экинчи маселе болуп турат. Президенттин атынан мыйзам долбоору келген, ошол беренени Кылмыш кодексинен алып коелу деген.

Президент Курманбек Бакиев болсо эл аралык тилектештик күнүнө карата аялдар менен Кант шаарындагы жолугушуусунда көп аял алуучулукту козгоо бекерчинин иши деп, түккө турбас демилге катары айта кетти. Анткен менен, президенттин атынан келди деп саналган долбоордун демилгечиси, адилет министри Марат Кайыпов демилгени ар тараптуу негиздөө аракетинде болууда:

- Биз Кыргызстанда эле корко беребиз. Кыргызстандын кошунасы болгон өзбекстан, Тажикстан, Казакстан дегенде алда качан эле, мындан он жыл мурун эле кылмыш жоопкерчилигин алып салышкан. Эми ал жерлерде жайнап бардыгы эле экиден-үчтөн аял алып жиберген жок да.

Министр Кайыповдун көз карашында эки-үчтөн аял алууга уруксат атайын иштелип чыккан мыйзам аркылуу берилиши керек.

Журналист Мыктыбек Арстанбек көп аял алуу-албоо маселесин иретке келтирүүгө мамлекеттин кудурети жетпейт, анткени бул диний норма дейт:

- Жогору жакта консультация берип аткандар бул диний норма экенин өтө жакшы билишет. Муну ар бир адам өзү чечет. Мамлекет муну чече албайт. Диний мамлекеттер да чече албайт бул меселени. Куран мусулман катары бирди, экини, үчтү, төрттү ал деп айтып атат. Адилеттүүлүк кыла албайм деп корксоң бирөө менен жаша деп атат. Мен адилеттүү боло аламбы? Боло албасам кудайдан корком да, кой бир эле аял менен жашайын дейм. Исламда бир аялдуулук биринчи орунга коюлат.

Анткен менен, аялдардын укуктарын коргоп жаткандар бул берене алынса эле көп аял алуучулук күчөп, ал өз кезегинде аялдын, баланын укугуна олуттуу доо кетирет деп чочулап турушат. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин депутаты Асамидин Марипов да колдоду:

- Атасы, макул экинчи аял алган болсо, анын биринчи балдары психологиялык жактан начар жакка өзгөрүүлөр болот. Ал бала коркок болот, эмоционалдык жактан өтө сезимдүү болот, акыл-эстен бузула баштайт нерв системасы. Ошондуктан, мен ойлойм, бул өтө туура эмес. Ошондой эле экинчи үй-бүлөдөгү балдар дагы кооптонуп, өзүн начар сезе баштайт. Ошондуктан, менин пикирим эми бул, депутаттар өздөрү чечер, бул мыйзамды таптакыр биз колдобошубуз керек, өткөрбөш керек.

Бул аралыкта коомчулукта адилет министринен башка дагы Кылмыш Кодексин өзгөртүүгө ынтызар таасирдүү мамлекеттик ишмерлер бар деген пикирлер пайда болду. Муну байкоочулардын кээ бири да жокко чыгарган жери жок. Алар мындай кызыкчылыкты ар кандай саясий күрөштөрдө ушул берененин негизинде доого кабылбастын аргасы катары баалашууда.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG