Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:41

ООГАНСТАНДА БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАЙЛАРЫ БУТАГА АЛЫНУУДА


Дүйшөмбүдө Ооганстандын түштүгүндөгү Хелманд провинциясында согушкерлер мектепти өрттөп кетишти. Соңку кездери согушкерлер билим берүү жайларына чабуул койгону адатка айланган. Ооган бийликтери бул кол салуулар үчүн талибандын калдыктарын айыптап, айрым жерлерде мектептерди жабууга аргасыз болушту. Байкоочулар минтип отурса, Ооганстандын ансыз да артта калган түштүк региондорунда билим берүү иши аксайт деп эскертүүдө.

Акыркы бир нече ай ичинде Ооганстанда далай мектеп-институттар бутага алынды, Хелманд провинциясында эле 10 чакты мектеп өрттөндү. 20-февраль күнү бул чөлкөмдөгү Заргон кыштагында эркек балдардын жогорку мектебине белгисиз адамдар өрт коюп, ал жердеги китептер жана башка эмерек-буюмдун баары заматта күлгө айланды, кишилер жабыр тарткан жок.

Башка жерлерде мектеп мугалимдеринин өмүрү кыйылды, январда Забул провинциясында бир мугалимдин башын кесип кетишти. Декабрда Хелмандда мурда эскертүү алып жүргөн мугалим мектептен чыгып бараткан жеринен ок тийип жан берди. Ооганстандын Адам укуктары боюнча көз карандысыз комиссиясы билим берүү жайларындагы чабуулдарга байланыштуу тынчсыздануусун билдирүүдө. Комиссиянын басма сөз өкүлү Надер Надери “Азаттыкка” соңку кол салуулардан улам Забул, Кандагар, Гелманд жана Урузган провинцияларында далай мектептер жабылып калганын кабарлады.

- Өкүнүчтүүсү, акыркы алты айга жетпеген мезгил аралыгында 300дөн ашуун мектепке өрт коюлуп, же ошондой окуялардан улам жабылып калды. Көпчүлүгү “Ал-Каида” менен талиптердин чабуулунан коркуп жаап салышты. Коопсуздуктан улам, ата-энелер балдарын мектепке жибербей калышты.

Талибандын бийлиги тушунда Ооганстанда кыздарга мектепке барууга тыюу салынып, окуу жайларда негизинен диний таалим-тарбияга басым жасалып, Куран окутула турган. Белгилүү ооган жазуучусу Вахид Моздех согушкерлер азыркы мектептерди өкмөттүк жайлар катары караштыраарын айтат.

- Согушкерлер бардык ооган балдары медреседе билим алып, чоңойгондо талип болуп чыга келишин каалашат. Өкмөттүн таасиринен оолак болсун деп мектептерди өрттөп жатышат. Бул жактагы билим берүү жайлары жок кылынса, жаштар, же алардын ата-энелери айласыз балдарын чек аранын ары жагындагы диний окуу жайларга жиберүүгө аргасыз болот деген ойдо.

9-февраль күнү талиптердин аскербашчыларынын бири, Дадулла молдо “Франс пресс” агенттигине берген интервьюсунда согушкерлер христиан мугалимдер иштеген мектептерди чабуулга алганын айткан. Кийинчерээк талиптердин басма сөз өкүлү Мохаммад Ханиф Талибан кыймылы билим берүүнү колдойт деп чабуулдардын артында башкалар тураарын кыйытты.

Улуттар уюму мектептерге чабуул койгондор Ооганстандын келечегине балта чаап жатканын белгилеп, НАТО башкарган эл аралык коопсуздук күчтөрү азыркы 9000 аскерин жайында көбөйтүп, 16 миңге жеткирсе, кырдаал оңоло түшөр деген илгери үмүтүн кошумчалады.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG