"Азаттык үналгысынын" чыгармачыл жамааты даярдаган видео жана сыналгы материалдар Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү ар кыл окуялардын жана жалпы эле коомдук турмуштун үзүмүн ар кыл өңүттө чагылдырат.
Бул тууралуу “MGN Group” тобун маалымат жактан камсыздоо боюнча “Флекси коммюникейшин” компаниясынын жетекчиси Вугар Халилов бүгүн маалымат жыйынында билдирди. MiT
Иш-чарага отузга чукул укук коргоочу жана депутат айымдар катышты. Акциянын катышуучулары оболу Уркуя Салиеванын эстелигинин алдына чогулуп гүл коюшту. Андан соң Курманжан датканын эстелигинин алдына келишти. MiT
8-март - Аялдардын эл аралык күнү Кыргызстанда да жыл сайын шаңдуу белгиленип келет. MiT
"Азаттык+" жаштар берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы азыркы замандын айымдарынын бейнесине арналды. ESu.
ASIASAT аркылуу "Азаттык" үналгысынын берүүлөрүн угууга болот. Анын жол-жобосун "Азаттыктын" видео тобу даярдаган тасмадан көрө аласыз.
Орусиянын өкмөт башчысы В.Путин Байкал целлюлоза-кагаз комбинатына салттуу технология менен иштөөгө уруксат берди. Бул чечим 40 жылдан бери комбинаттын жабылышын талап кылып келаткан экологдор үчүн катуу сокку болду. ZMa
2004-жылы Украинадагы “саргылтым ыңкылап” В.Ющенкону президенттик такка алып келген. Бийлик үчүн кармаш анын оң колу эсептелген Ю.Тимошенкону элдешкис каршылашына айлантты. Назарыңыздарда режиссер Дамиан Колодийдин даректүү тасмасынан үзүндү. ZMa
Тажикстан Рогун ГЭСинин курулушу үчүн калкты каржылык көмөк көрсөтүүгө чакырды. Курулуп жаткан ишканалар Тажикстанды каржылык таңкыстыкка алып келгени менен курулушка түшкөн инвестициялык колдоонун да салымы бараандуу. “Азаттыктын” Тажик кызматы. GA, MiT
Дүйнөдөгү узун адамдардын бири, Ак-талаа районунун тургуну Жеңиш Райымбаевге президент тарабынан берилген бир бөлмөлүү батирдин ачкычын жана 20 миң сомду шаар башчысы Нариман Түлеев тапшырды. 31 жаштагы Жеңишбек Райымбаевдин бою 2 метр 30 см. MiT, ES
Чүйдөгү Степное айылындагы №2 аялдардын түзөтүү мекемесинде Кыргызстандын эле эмес, КМШнын айрым өлкөлөрүнүн атуулдары жаза өтөйт. Учурда жашы жете элек 2 өспүрүмдөн тарта 80 жашка чейинки 250дөн ашуун аял темир тор артында эркиндикти күтүүдө. GA, MiT
1990-жылы Монголия коммунизм жана Советтер союзунун таасиринен чыгып, учурда Орусия жана Кытайдан да көз карандысыз болуунун аракетинде. Жаңы улуттук идеологияны түптөө максатында Монголия көңүлүн 13-кылымдагы тарыхый инсан – Чыңгыз ханга бурду. ZMa.
Европадагы туристтик борборлордун бири Чехияда майыптардын турмушун жеңилдетүү үчүн акыркы 20 жылда чоң иштер жасалды. Төрөкул Дооров кабарлайт.
Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.
"Азаттык+" сыналгы берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы "Эне мээримин сезбеген жаңы муун" деп аталды. Назарыңыздарга берүүгө кирген бала баккан айымдын бир күнү тууралуу баянды сунуш кылабыз. KE, SA, MiT.
29-январда орус элинин улуу жазуучусу Антон Павлович Чеховдун туулган күнүнүн 150 жылдыгы белгиленет. «Алча багы» спектаклиндеги Дуняшанын ролун Тынара Абдыразаева ойногон. AJ, MiT
Мындан 20 жыл мурда 25-январда кыргызстандык жаштар, студенттер алгачкы жолу өз укуктарын коргоп, Ала-Тоо аянтына демонстрацияга чыгышкан.
Дүйнөлүк экономикалык кризис үй-бүлөсүнөн узак бозгунда иштөөгө аргасыз болгон миллиондогон мигранттарды дагы кыйын абалга салды. (ZMA)