Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Косоводо оппозиция лидери камалды


Косоводо оппозиция лидери камалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:38 0:00

Косово полициясы оппозициячыл саясатчы, 40 жаштагы парламент депутаты Альбина Куртини камакка алды. Ал улутчул, радикал көз карашы жана зомбулук коштолгон каршылык акциялары менен белгилүү. Ал Косово менен Сербиянын мамилесин жөнгө салуучу Брюссел келишимине каршылыгын билдирип, парламент жыйынында көздөн жаш агызуучу газ чачкан жана бир катар нааразыык акцияларын өткөргөн. Курти мындан сырткары Черногория менен болгон чек араны кайра тактоого каршы чыккан. Ал өз таламдаштары менен Приштиндеги нааразылык акциясында кармалды. Альбина Курти Сербиянын үстөмдүгүнө 1990-жылы студент кезинде эле каршы чыгып, жамы журтка таанылган. Ал 2010-жылы "Самоопределение" партиясын түптөп парламенттеги 120 мандаттын 14үн алган. Калкынын 90% этникалык албандар түзгөн Косово 2008-жылы Сербиядан бөлүнүп чыккандыгын жарыялаган. Косовонун эгемендигин БУУга мүчө 193 мамлекеттин 84ү тааныбайт, алардын катарында Кытай менен Орусия да бар.

XS
SM
MD
LG