Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:44

Украина: министрди түз эфирде кармады


Украина: министрди түз эфирде кармады
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:16 0:00

25-мартта Украина өкмөтүндөгү жыйын маалында Мамлекеттик чукул кырдаалдар кызматынын башчысы жана анын биринчи орун басары камакка алынды. Төрага Сергей Бочковский жана анын биринчи орун басары Василий Стоецкий “мамлекеттик мүлктү уурдоо максатында коррупциялык схеманы түзгөн” деп шектелүүдө. Жогорку кызмат адамдарынын мыйзамсыз ишмердиги боюнча бир нече кызматтык иликтөө жүргүзүлгөнүн премьер-министр Арсений Яценюк кеңешмеде билдирди. Украинанын Чукул кырдаалдар кызматынын башчылары камакка алынган 25-март күнкү өкмөт жыйыны улуттук телеканалдан түз алып көрсөтүлүп жаткан. Ошондуктан С. Бочковский жана В. Стоецкийдин колдоруна полиция зоолу салып, залдан алып чыгып кеткенин көпчүлүк эл көгүлтүр экрандан көрдү. (Reuters)

XS
SM
MD
LG