Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

Мечитте токмок жеген Жыргалдын мээнети


Мечитте токмок жеген Жыргалдын мээнети
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:42 0:00

Ош шаарында чолок шым кийип мечитке киргени үчүн Жыргал Абдимомун уулун сабаган адам камактан бошотулду. Буга таяк жеген Жыргал Абдимомун уулу өзүн токмоктогон жигитти кечиргени себеп болду. Жыргалды сабаган 24 жаштагы жигит кечирим сурап, бардык чыгымдарды төлөп берүүнү убада кылган. Жыргал жарааты айыкканга чейин мечитке барбай турууну чечти. 11-июлда жума намазга чолок шымчан шашылыш мечитке кирип барган 19 жаштагы Жыргал Абдимомун уулун жанында намаз окуп отурган бала дааратканага алып кирип токмоктоп салган. Токмоктон Жыргалдын көк боору жарылып кеткен. Мындан соң жабырлануучу милицияга кайрылып, аны урду деп шектелген адам денеге оор зыян келтирди деген айып менен кармалган.

XS
SM
MD
LG