Cлавянск шаарына танктар кирди
Чыгыш Украинада Орусиянын желеги тагылган бронетехникалар Краматорск аркылуу өтүп, Славянск шаарына киришти. Жергиликтүү тургундар шаарга кирген жолдорго баррикадаларды коюшкан. Бир нече күн мурун орусиячыл жикчилдер ээлеп алган шаар мериясынын имаратынын жанында согуштук кийимчен адамдар жүрөт. ("Азаттыктын" орус кызматы)