Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Алма жыттанган Ноокат

Ноокат районунун Кашкалдак айылында өткөн жармаңкеде алманын 50гө чукул түрү көргөзмөгө коюлду. ПРООНдун колдоосунда өтүп жаткан иш-чаранын максаты - Ноокат алмасын эл аралык коомчулукка таанытуу. Жармаңкенин алкагында багбандарга алма өндүрүүнүн жаңы ыкмалары, кайра иштетүү, экспорттоо жана сактоо боюнча сабактар өттү.

Фестивалга Айыл чарба министрлиги, ишкерлер, бизнес-ассоциациялар, жергиликтүү тургундар жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Андан тышкары Казакстан, Орусия жана Кытай элчилери келишти.

2006-жылдан бери Нарын жана Ысык-Көл облустарында өтчү бул иш-чара түштүктө экинчи жолу уюштурулууда. Өткөн жылы фестивал Өзгөн районунун Ак-Жар айылында өткөн. Ноокат районунун акими Бекболот Айтиев Алма фестивалын мындан ары салттуу өткөрүүгө убада берди.

16x9 Image

Ыдырыс Исаков

«Азаттыктын» Оштогу кабарчысы. 2008-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган. 

XS
SM
MD
LG