Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:40

Непалдагы зилзала жүздөгөн адамдын өмүрүн алды

Непал өкмөтү 25-апрелде борбор калаа Катманду шаарына жакын аймакта катталган зилзаладан 1900дөн ашык адам өлгөнүн, 4700 киши жараат алганын билдирди. Жүздөгөн үйлөр кыйрап, 19-кылымда курулган Дхарахара мунарасы да кулап түштү.

Жер силкинүү Индиянын түндүгүндө жашаган 36 адамдын, Тибеттин 12 жаранынын, Бангладештин төрт тургунунун да өмүрүн алды.
Каза тапкандардын көпчүлүгү борбор калаанын тургундары. АКШнын Геология кызматы кабарлагандай, күчү 7,9 баллга жеткен жер силкинүү 25-апрель күнү түшкө жуук Катмандудан 80 чакырымдай алыстыкта болду. 15 чакырым тереңдиктеги силкинүү Индия, Тибет, Бангладеш жана Пакистанда да байкалды.

Ал арада Непалда экинчи ирет жогорку баллдагы жер силкинүү катталды. Бүгүн, 26-апрелде Непалда күчү 6,7 баллга жеткен дагы бир жер силкинүү болду. Анын очогу Катманду шаарынын түндүк-чыгышында, Кытай чек арасына жакын аймакта болгонун АКШнын Геологиялык кызматы билдирди.

XS
SM
MD
LG