Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:06

Чолпон-Ата: "Көчмөндөр оюну" башталды

Даярдыкка байланыштуу бир катар сын айтылып келгени менен 9-сентбярда Чолпон-Ата шаарында эл аралык көчмөндөр оюнунун ачылышы бийик деңгээлде өткөнү айтылууда. Шаардагы ат майданда "Көчмөндөр оюндары" кечки саат сегизде ачылды. Ага мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев баш болгон бийлик өкүлдөрү жана 17 мамлекеттен келген делегация мүчөлөрү катышты. Ачылуу аземине он миңге жакын киши күбө болду. Салтанат өлкөдөгү дээрлик бардык телеканалдар аркылуу түз көрсөтүлдү. Иш-чарага Азербайжан, Австрия, АКШ, Орусия, Бразилия, Беларус, Германия, Казакстан, Литва, Өзбекстан, Монголия, Ооганстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Швеция жана Түштүк Кореядан расмий өкүлдөр жана спортчулар келди. 9-14-сентябрда өтчү “Көчмөндөр оюнунда” эр эңиш, алыш, күрөш, тыйын эңмей, аламан байге, салбуурун, кыз куумай, тогуз коргоол боюнча мелдештер болот.

XS
SM
MD
LG