Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:22

Журналисттер "өрдөк атышты"

3-майда Бишкектеги Журналисттер аллеясында ушак-айың, жалган маалыматтарды таратууга каршы “Антиөрдөк” деген аталышта акция өттү. Иш-чараны сөз эркиндигинин эл аралык күнүнө карата “Журналисттер” коомдук бирикмеси, "Жаш журналисттер кыймылы", “МедиаКонсалт” жана “ЖМКны колдоо борбору” коомдук фонддору биргелешип уюштурган. Анда символикалуу түрдө кагаздан жасалган өрдөктөр өрттөлүп, келгендерге өрдөк эти таратылды. Иш-чарага 50дөн ашык журналист катышып, акция соңунда аллеяда ишембилик өткөрүлдү.

16x9 Image

Уланбек Эгизбаев

Иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаев коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелеген «ЖЭБ: 386 млн. доллар кайда короду?», «Бажыдагы уурулук», «Темир жолдогу жемкорлук», «Музейге сарпталган миллиондор», «Мансаптуулардын жер бизнеси», «Саясатташкан мумия» өңдүү ондогон курч видеоиликтөөлөрү менен таанылган.

2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. 2016-жылы дүйнөлүк Webby Awards (Интернет-Оскар) сыйлыгын алган. Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда 28 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

XS
SM
MD
LG