Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:52

Карала уйдан төрт чака сүт

Кантта жайгашкан МИС - асыл тукум уй чарбасы жөнүндө угуп эле жүрсөңүз керек. Учурда бул фермада сүт багытындагы 2 миңге жакын голштино-фриз породасындагы карала уйлар бар. Бул уйлардын өзгөчөлүгү сүттүүлүгүндө. Ар бир уй суткасына 20 литрден 45 литрге чейин сүт берет. Уйлар жасалма жол менен гана уруктандырылат. Ар бир уйдун өздүк паспорту болот жана уйлардын жети атасына чейин сүрүштүрүлүп кагазга түшүрүлөт.

16x9 Image

Уланбек Эгизбаев

Иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаев коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелеген «ЖЭБ: 386 млн. доллар кайда короду?», «Бажыдагы уурулук», «Темир жолдогу жемкорлук», «Музейге сарпталган миллиондор», «Мансаптуулардын жер бизнеси», «Саясатташкан мумия» өңдүү ондогон курч видеоиликтөөлөрү менен таанылган.

2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. 2016-жылы дүйнөлүк Webby Awards (Интернет-Оскар) сыйлыгын алган. Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда 28 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

XS
SM
MD
LG