Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:27

Түркүн түстүү “Көлөкөлөр театры”

Алгач ирет кыргыз улуттук тарых музейи менен кытайдын Сиан шаарындагы “Улуу Жибек Жолу” менчик музейи түздөн-түз келишим түзүп көргөзмө уюштурушту. Байыркы кытай искуссвосунун 16-18-кылымдардан берки үлгүлөрү: “Көлөкөлөр театры” көргөзмөсү Орто Азияда биринчи болуп Бишкекте коюлуп атат. Алар Улуттук Тарых музейине Кытайдын Сиан шаарындагы “Улуу Жибек Жолу” музейинен алынып келинген. Эки миң жыл мурун Шэньси өрөөнүндө Хан династиясында пайда болгон: “Көлөкөлөр театры” Тан династиясынын учурунда өнүгүптүр. Көргөзмөдөгү 69 бейне, 27 топко бөлүнөт экен. Андагы окуялар элдин тарыхынан алынып, түркүн түстүү боекторго боёлгон. 18-кылымда гана бул өнөр Европага жетип, кара-ак түскө өткөн.

XS
SM
MD
LG