Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 09:23

Уюк телефон (Mobile)

azattyk.kg жана azattyk.org сиздин  уюкфонуңузда


Биздин azattyk.kg жана azattyk.org даректүү интернет барагыбыз эми уюкфондор, РDA жана башка зымсыз байланыш жабдуулары аркылуу оңой эле ачылат. Уюкфонго ылайыкталган атайын барагыбызга http://www.azattyk.mobi/ дареги аркылуу кире аласыз.

Мындан ары azattyk.org жана azattyk.kg деп аталган интернет барагыбыз cизди уюкфонуңузда да үзгүлтүксүз тейлөөгө даяр.

Биздин интернет барагыбыз ар дайым cизге өлкөдөгү жана дүйнөдөгү ар кыл жаңылыктар, орчун жана өнүгүп жаткан окуялар тууралуу тынымсыз баяндап, жаңы видео тасмаларды сунуштап турмакчы.   

Эскерте кетсек, биздин уюкфондук интернет барагыбыз бекер сунушталат, бирок тийешелүү аймактагы уюк байланыш оператору сиз колдонгон маалымат көлөмү үчүн акы сурашы мүмкүн. Тийешелүү компаниянын тейлөө акысы тууралуу алдын-ала анын өзүнөн сураңыз.

Андан тышкары, сиз колдонгон жабдуунун техникалык мүнөздөмөсүнө ылайык айрым кыргызча тамгалар дурус окулбай калышы дагы мүмкүн.