Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 09:23

Интернет барагыңызга кошо аласыз

Учур агымы: аудио жана текст 


Бул бетте “Азаттык” үналгысынын кардарлар үчүн, башкача айтканда, Сиздер үчүн атайын даярдалган “Учур агымы: аудио жана текст” аттуу куржунун Сиздин блогуңузга же жекече интернет барагыңызга көчүрүп алуу усулу камтылган.

Соңку орчун окуяларды жана кабарларыбызды үн (аудио) каражаты менен кошо камтыган бул интернеттик усул “Азаттык” үналгысы тарабынан саамалык катары иштелип чыгып, алгачкы ирет сунушталууда.

Бул куржунду колдонуу үчүн анын кодун блогуңузга же интернет барагыңызга көчүрүп коюу жетиштүү. Эгерде өзүңүз аны көчүрө албасаңыз, анда интернет барагыңызды тейлеген адисиңизге кайрылыңыз. Куржундун коду болсо анын этегиндеги <Тиркелчү маалымат> деген сөздү басканда жаңы терезеге англис тилинде чыгат, ошондон аны толук көчүрүп алуу керек.