Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:22

Йемен: мунай талаштан чыккан согуш


Хуситтерге каршы күрөшкөн йемендик уруудан чыккан согушчан аял.
Хуситтерге каршы күрөшкөн йемендик уруудан чыккан согушчан аял.

26-марттан тарта Сауд Арабия баштаган өлкөлөр Йемендеги хусит кыймылынын өңүттөрүнө абадан сокку урууда.

Саудиянын билдиришинче, Йемендин мыйзамдуу өкмөтүн коргоо операциясы президент Абу Раббу Мансур Хадинин суранычына ылайык башталган.

Шиит эрегишчилери көзөмөлдөгөн аймактарга сокку уруу - АКШнын жакын союздашы президент Хади - Йемендин түштүгүндөгү Аден шаарынан Египетке учуп кетери менен башталган.

Саудия медиасынын кабарлашынча, операцияга падышалыктан 100 согуштук учак, 150 миң жоокер жана бир нече аскер кемеси катышууда.

Эр-Рияд жетектеген коалицияга Бириккен Араб Эмирлиги, Бахрейн, Египет, Иордания, Кувейт, Катар, Марокко жана Судан кирет. Пакистан Саудиянын операцияга катышуу суранычын талкуулап жатат. Бирок премьер-министр Наваз Шариф "Саудиянын бүтүндүгүнө коркунуч жаралса, Пакистан катуу жооп берет" деп эскертти.

Йемен
Йемен

“Тартип орнотуу үчүн” аба күчтөрүнө жардамдашуу максатында Йеменге аскерлер да киргизилиши мүмкүн. Бул жөнүндө Рейтер жаңылыктар агенттиги аты аталбаган саудиялык расмий булакка шилтеп маалымдады.

Йемендеги саясий кризис жыл башында 100 миң колу бар хусит тобу Сананы басып алгандан кийин курчуган. Азыр Йемендин түндүк бөлүгү жана түштүгүндөгү бир нече провинция Иран колдогон козголоңчулардын кол астында.

Ирандын стратегиялык атаандашы Саудиянын шиит эрегишчилерине каршы согушту жетектөө себеби эмнеде? Анын жүйөсү тууралуу “Азаттык” радиосунун аймактык директору Мардо Согом мындай деди:

- Сауд Арабиясы Иран колдогон жетеленме өкмөттүн өз чек арасында пайда болгонун каалабады. Йеменде хуситтер, шиитер бийликке келсе, Саудия үчүн кооптуу. Эки ортодо узун чек ара бар жана анын эки тарабында шииттер жашайт. Экинчиден, Эр-Риядды Жакынкы Чыгыштын мунай жолу тынчсыздантты. Иран Перс булуңундагы мунай экспорттолчу жолдун четинде жайгашкан. Ал эгер Йемен өкмөтүн башкарып калса, Кызыл деңиз аркылуу өткөн жолду да көзөмөлдөөчү болот. Бул Саудия жана дүйнөнү мунай менен камсыздоого коркунуч туудурат.

Иран хуситтерге акчалай жардам берүүдө жана эрегишчилерди аскерий жактан машыктырууда деген маалыматты расмий Тегеран четке кагып жүрөт.

АКШ мамкатчысы Жон Керри 26-мартта Перс булуңундагы Араб мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери менен телефондон сүйлөшүп, Саудия баштаган коалициянын хуситтерге каршы аракетин колдоду. Керринин айтымында, АКШ сокку урулчу буталарды табууда коалиция менен чалгындоо маалыматтарын бөлүшөт, логистикалык жактан көмөктөшөт жана аскерий жактан кеңеш берет. Бул жөнүндө маалымат булактары Мамдепартаменттин белгисиз калууну суранган мартабалуу кызматкерине шилтеп кабарлашты.

26-март күнү коалициянын авиакүчтөрү Йемендин ордосу Сана шаарына, эл аралык аэропортко жана башка жерлерге сокку урганы маалымдалды.

21 өлкөнү бириктирген Араб Лигасы шиит эрегишчилерине каршы багытталган “Чечүүчү бороон операциясын” толук колдоду.

Сауд Арабиясынын коргоо министри Салман Абдул Азиз офицерлер менен Йеменге чабуул тууралуу сүйлөшүүдө. 26-март, 2015-жыл
Сауд Арабиясынын коргоо министри Салман Абдул Азиз офицерлер менен Йеменге чабуул тууралуу сүйлөшүүдө. 26-март, 2015-жыл

Президент Эрдогандын "France 24" телеканалына айтышынча, Түркия балким окуянын жүрүшүнө карай эл аралык коалицияга логистикалык жардам берүү жагын карап көрөт. “Иран жана террорчу топтор Йеменден чыгып кетиши шарт” деп эскертти Эрдоган.

Хусит кыймылынын өкүлү “ал-Жазира” телеканалына берген интервьюда Саудия баштаган операцияны “согуш жарыялоо” деп атады.

Ливандагы Тегеран таяган "Хезболла" согушчул тобу Саудиядан “баскынчылыкты тез токтотууну” талап кылды.

Йемендеги жагдайга аскерий кийлигишүү “абалды дагы чиелештирет” деп билдирди Ирактын Тышкы иштер министрлиги.

Иран аскердик операцияны сындады. “Ал кырдаалды дагы осолдотот, ага катышкан өлкөлөр эч кандай пайда таппайт” деп билдирди өлкөнүн тышкы иштер министри Жавад Зариф.

Саудия 26-март күнү Йемен тарабындагы сегиз жарандык аэропортун жапты. Кувейт мунай ишканаларын күзөтүүнү күчөттү.

Азия базарында мунайдын баасы 5% кымбаттады.

Дүйнөдө өндүрүлгөн кара майдын төрттөн бири Перс булуңундагы өлкөлөргө таандык.

XS
SM
MD
LG