Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:24

Швеция Палестинаны мамлекет катары тааныды


Палестин лидери Махмуд Аббас Швециянын чечимин кубаттады.
Палестин лидери Махмуд Аббас Швециянын чечимин кубаттады.

Швеция Батыш Европанын чоң өлкөлөрү арасынан жогорудагыдай кадамга барган алгачкысы болду. Расмий Стокгольмдун чечимин палестин бийликтери кубаттаса, Израил кескин сындап, өз элчисин чакыртып алды. Окуя Израилдин Чыгыш Иерусалимде жаңы конуш куруу планы ачыкталган учурга туш келди.

Швециянын cолчул социал-демократтар башкарган өкмөтү Палестинаны мамлекет катары таанырын алгач ушул ай башында эле ишара кылган. Андыктан Стокгольмдун бейшембидеги жарыясы күтүүсүз болгон жок.

Швед тышкы иштер министри Маргот Вальстрем кечээ өз өлкөсүнүн чечимин түшүндүрүп жатып:

- Бүгүн Швециянын өкмөтү Палестина мамлекетин таануу жөнүндө чечим кабыл алды. Биз буга эл аралык мыйзамдын критерийлери аткарылганынан: ал жерде аймак, өкмөт жана эл бардыгынан улам келдик. Чечимибиз башкаларды да шыктандырат жана тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жандануу келечегине жаңы дем алып келет деп үмүттөнөбүз.

Швеция муну менен Батыш Европанын Палестинаны мамлекет катары тааныган үчүнчү өлкөсү, бирок ири мамлекеттер арасынан алгачкысы болду. Буга чейин мындай саясий кадамга Мальта жана Кипр барган эле.

Стокгольмдун жарыясын палестин тарап дароо кубаттоо менен кабыл алды. Автономиянын тышкы иштер министри Рияд ал-Малики "Биз бул билдирүүнү кубаттайбыз. Тааныганы үчүн швед элине ыраазыбыз. Швецияга көрсөтүлгөн кысымга карабай эр жүрөк чечим кабыл алышканына ыраазыбыз" - деди бейшемби күнү Рамалладагы басма сөз жыйында.

Ал эми Израил швед өкмөтүнүн кадамын палестиндер арасындагы “экстремисттик элементтерди жана алардын тескери турумун күчөтүүчү өкүнүчтүү чечим” деп атады.

Тышкы иштер министри Авигдор Либерман өз билдирүүсүндө “швед өкмөтү Жакынкы Чыгыштагы алака-катыш ИКЕА мебелинин өзү жыйналуучу бөлүктөрүнөн кыйла татаал экенин түшүнүп, маселеге жоопкерчилик жана сезимталдык менен мамиле кылуусу керек эле”,- деп белгилеген.

БУУнун Башкы ассамблеясы 2012-жылдын ноябрында Палестин автономиясынын макамын көтөрүп, аны “мүчө эмес байкоочу өлкө” иретинде тааныган. Андагы резолюцияны колдогон 138 мамлекеттин арасында Кыргызстан да бар.

Бирок талдоочулар Палестинанын мамлекеттүүлүгү камсыздалышы үчүн Израил менен тынчтык келишимине жетүү зарылдыгын айтып келишет.

Израилдин жакынкы өнөктөшү Кошмо Штаттар, ага катар Еврошаркет жана андагы ири оюнчулар да эриш-аркак жашаган эки мамлекет түз сүйлөшүп, бир чечимге келиши керек деп санайт.

АКШ ортомчулук кылган сүйлөшүүлөрдүн акыркы айлампасы быйыл апрелде оңунан чыкпай калган.

Андан кийин ушул жайда Израил Газа секторунда ХАМАСтын ракета атуулары менен кол салууларын токтотуу үчүн деген жүйө менен өткөргөн аскерий операция 50 күнгө созулуп, анын учурунда 2100дөн ашуун палестиналык, жетимиштей израилдиктин өмүрү кыйылган.

Апта башында Израилдин палестиндер болочок мамлекетинин борбору катары көргөн Чыгыш Иерусалимде дагы бир миң үй куруу планы ачыкталып, палестин бийликтери бул кадам кыянатчылыктардын жаңы толкунун жаратарын эскертишкен.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG