Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:34

АКШ орус хакерин кармоого сыйлык жарыялады


АКШ кармоо үчүн сыйлык жарыялаган орусиялык хаккер Евгений Богачев.
АКШ кармоо үчүн сыйлык жарыялаган орусиялык хаккер Евгений Богачев.

Кошмо Штаттардын өкмөтү орусиялык компьютер хакери жана киберкылмыштарга шектелген Евгений Богачевду кармоого жардам бере ала турган маалымат үчүн 3 миллион доллар сыйлык жарыялады.

АКШ бийликтерин орусиялык хакерди издөө үчүн мындай кадамга кандай жагдайлар түрттү?

Кошмо Штаттардын өкмөтү киберкылмыштарга шектелген адамды кармоо үчүн үч миллион долларлык сыйлыкты өзү биринчи ирет белгилеп олтурат.

Башкы прокурордун жардамчысы Лесли Колдуэлл 24- февралда Вашингтондогу басма сөз жыйында сыйлыкты жарыялаган кезинде буларга токтолду:

- Бул сыйлык Евгений Богачевду табуу боюнча аракеттерди активдештирет. Аны табууга башкаларды да жардамдашууга шыктандырат. Мен Богачев кайсыл бир күнү Кошмо Штаттарда жоопко тартыларына үмүттөнөм.

Отуз жаштагы орусиялык Евгений Богачевду АКШ абдан изделип жаткан он кылмышкердин катарына кошкон.

Евгений Богачев Орусияда жүрүшү мүмкүн
Евгений Богачев Орусияда жүрүшү мүмкүн

Федералдык тергөө бюросу –ФБРдин баамында, жашаган дареги катары Анапа шаарында катталган Евгений Богачев азыр Орусия аймагында эле жүргөн болушу мүмкүн.

Америкалык бийликтер Богачевду жана анын шериктерин зыяндуу компьютердик программалардын жардамы аркылуу америкалык жарандардын жана компаниялардын акчасын уурдаган деп шектөөдө. Баш прокурордун жардамчысы Лесли Колдуэлл Вашингтондогу басма сөз жыйында буларды белгиледи:

- Евгений Богачев Орусияда жана Украинада жайгашкан киберкылмышкерлердин ич ара тыгыз байланышкан бандасынын болжолдуу жетекчиси. Алар “Геймовер Зеус” (Gameover Zeus) жана "Криптолокер" (Cryptolocker) деген зыяндуу программаларды жасаганы жана колдонгону үчүн жоопкер. Бул баш катырган иштин маанилүү бөлүгү аягына чыкпай жатканынын бир себеби, Богачев качып жүргөнүнө байланыштуу. Биз “Геймовер Зеус” (Gameover Zeus) жана "Криптолокердин" (Cryptolocker) кылмыштуу ишмердигин кыйла эле үзгүлтүккө учуратканыбыз менен Богачевду жоопко тарта албай жатабыз. Биз эл аралык чек аралар кылмышкерлерди мыйзамдан коргошуна жол бербөөбүз абзел. Киберкоркунуч өсүп жаткандыктан, киберкылмыштуулукка каршы эл аралык күрөшкө кошулуучу өлкөлөрдүн да саны көбөйөт. Мурда киберкылмышкерлер башпаанектей алуучу жер катары эсептелген өлкөлөрдүн саны да азайгандан азая берет.

ФБРдин эсебинде, Богачевдун жана анын хакердик тобунун зыяндуу программалары дүйнө боюнча бир миллиондой компьютерди булгаган.

АКШ компаниялары менен жарандарынын банк эсептеринен 100 миллион доллардай каражат уурдалган.

Хакерлердин көбү дүйнөнүн орус тили колдонулган аймактарында экени айтылат
Хакерлердин көбү дүйнөнүн орус тили колдонулган аймактарында экени айтылат

Өзү Богачевго компьютерлерди бузуу үчүн кутум уюштурган, көз бойомочулукка барган, арам акчаны адалдаган деген айып АКШнын Пенсильвания жана Небраска штаттарында федералдык бийликтер тарабынан былтыр жайда эле коюлган болчу.

ФБРдин киберкылмыштар боюнча бөлүмүнүн башчысы Жозеф Демарест Вашингтондогу басма сөз жыйында билдиргендей, аларга киберкоркунучтарды туудурган 60тай топ белгилүү.

Бирок Демарес ал топтор кайсыл өлкөлөрдөн аракеттенерин ачыктаган жок.

Орусиянын чалгын кызматы –ФСБ жакында АКШ менен киберкылмыштарды иликтөөдө кызматташуу ниети бардыгын маалымдаганын кошумчалады.

Европанын киберкылмыштар боюнча борборунун башчысы Тролс Эртинг былтыр күздө глобалдык киберкылмыштарды башкаргандар 100дөй гана адам экенин, басымдуу бөлүгү дүйнөнүн орус тили колдонулган бөлүгүндө жайгашканын, ошол “таланттуу программисттер” зыянсыздандырылса, алар түзгөн система да кыйрарын айткан болчу.

IBM компаниясы өткөн айда жарыялаган баяндамага караганда, былтыр АКШдагы чекене соода ишканаларына каршы киберчабуулдар дээрлик 50%га азайганы менен хакерлер баары бир сатуучулардын компьютерлик түйүндөрүнөн 61 миллиондон ашуун жазууну уурдого жетишкен.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG