Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

АКШ: Иранга каршы санкция мыйзамы артка жылды


Ирандын бул Арак өзөктүк жайындагы реактордун болочогу Тегеран менен алты держава ортосундагы сүйлөшүүлөрдөгү башкы маселелердин бири.
Ирандын бул Арак өзөктүк жайындагы реактордун болочогу Тегеран менен алты держава ортосундагы сүйлөшүүлөрдөгү башкы маселелердин бири.

Бул ирет мыйзамды колдобой туруу демилгеси менен демократ сенаторлордун тобу чыкты. Санкция мыйзамына вето саларын президент Обама да бир нече ирет эскерткен.

Буга чейин Иран менен анын талаштуу өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөргө зыянын тийгизүүчү санкция мыйзамына вето саларын президент Барак Обама да бир нече ирет эскерткен болчу.

P5+1 тобуна кирген алты мамлекет: АКШ, Британия, Германия, Кытай, Орусия, Франция Иран менен аны талаштуу өзөктүк программасынан баш тарттыруу аракетинде бир нече жылдан бери сүйлөшүү өткөрүп келет.

Сүйлөшүүлөрдүн Тегеранда бийлик алмашкандан кийинки айлампаларынын алкагында тараптар былтыр акыркы мөөнөт катары мерчемделген күндө эки ирет тең макулдашууга жете албай койду.

Акырында алтылык жана Тегеран 2015-жылдын март айы ичинде саясий негиз болуучу макулдашууга, ал эми 30-июнга чейин талаш маселелердин баары камтылган кеңири келишимди түзөлү деген мунасага келген эле.

Жыйынтыгы жок сүйлөшүүлөрдүн создугушу АКШ Конгрессинде Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизүү демилгелерин чыгышын жана мыйзам долбоору даярдалышын шарттаган.

Роберт Менендес
Роберт Менендес

Эми ошол мыйзамдын Демократиялык партиядан демилгечиси, Нью-Жерси штатынан шайланган сенатор Роберт Менендес кечээ Вашингтондон жарыялагандай, ал жана башка тогуз сенатор Иранга каршы жаңы санкциялар боюнча мыйзамды март айынын соңуна чейин колдобой туруу чечимине келишти:

- Мен жана демократ коллегаларымдын көбү президентке жолдогон катыбызда эгер саясий негиз болуучу келишим түзүлсө, Иранга каршы санкциялар боюнча мыйзамды 24-мартка чейин жана андан кийин да колдобой турганыбызды айттык. Катыбызда көргөзгөндөй, биз дипломатия Иранды аны менен сүйлөшүп жаткан топ мерчемдеген мөөнөттө өзөктүк куралды жасоо кубатынан тайдыра алат деп үмүттөнөбүз. Биз ошондой эле катыбызда Иран 24-мартка чейин өзөктүк программасы нукура тынчтык максатты гана көздөрүн дүйнөгө далилдегидей чегинүүгө барарына анча ишене албай турганыбызды да белгиледик.

Демократ сенаторлор тобунун жогорудагы чечими, айрым баяндамачылар президент Барак Обама үчүн жеңиш катары баалашууда.

Анткени Конгресстин кош палатасын тең оппозициядагы республикачылар көзөмөлдөгөнү менен эгер президент Барак Обама мыйзамга вето салса, аны Сенатта жеңиш үчүн демократтардын да колдоосу талап кылынат.

Республикачылар 100 орундуу Сенатта 54 добушка ээ.

Демократ сенаторлор тобунун Иран боюнча санкциялар мыйзамын колдобоо кадамы Конгресстин эл өкүлдөр палатасынын спикери Жон Бейнер Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну Ирандын коркунучу боюнча Конгрессте сөз сүйлөөгө чакырганын жарыялаган учурга да туш келди.

Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын төрагасы мындай чакырууну Обама администрациясы менен кеңешпестен туруп эле жасаган.

Мамлекеттик катчынын орун басары Энтони Блинкен Сенаттагы кечээги угуу учурунда Иран менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр тууралуу буларга токтолду:

- Айтканыбыздай P (Пи) 5+1 тобунун Иран менен сүйлөшүүлөрү уланууда. Алар абдан маңыздуу жана олуттуу болду. Биз ажырым бар кээ бир маселелер боюнча прогресске жетиштик. Бирок чыныгы ажырым али сакталууда. Анткен менен жалпысынан биз Кошмо Штаттардын жана дүйнө боюнча биздин өнөктөштөрдүн кызыкчылыгына жооп берген келишимге жетишебиз деген үмүттөбүз.

Америкалык расмий өкүл айткан негизги ажырым Иран уранды канча пайыз жана канча көлөмдө байытып, сактайт алат деген маселеге такалууда. Байытылган уран - өзөктүк реактордо отун катары, ошондой эле өзөктүк курал жасоодо колдонулуучу зат.

АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри менен менен Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф ушул айда эле эки ирет жолугушту.

Зариф жакында Тегерандагы басма сөз жыйында буларды айткан эле:

Жавад Зариф
Жавад Зариф

- Биз өзөктүк программабыз эл аралык келишимдин алкагында болушун каалайбыз. Макулдашууга жетишкидей негиз жана мүмкүнчүлүк бар деп эсептейбиз. Эгер андай болсо эч ким утулбайт, эгер макулдашуу түзүлбөй калса, жоготууга учурагандар болот. Сүйлөшүүлөр буга чейин жакшы маанайда жүрүп келди.

Иран Батыш мамлекеттеринин ал өзөктүк программасына жамынып алып, өзөктүк курал жасоону көздөйт деген шек саноосун жана дооматтарын такай четке кагып жүрөт.

Кеңири макулдашуу Тегеранга каршы АКШ, Еробиримдик жана БУУнун Коопсуздук кеңеши киргизген санкциялардын жоюлушуна алып баруусу керек.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG