Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:33

2011: "Араб жазы" - адам укуктарындагы бурулуш


Каирдин Тахрир аянтындагы ыңкылапчылар, 2010-жылдын 25-январы
Каирдин Тахрир аянтындагы ыңкылапчылар, 2010-жылдын 25-январы

АКШ Мамдепартаментинин 2011-жылдагы адам укуктарынан абалы боюнча жылдык баяндамасы бейшембиде жарык көрдү. Кыргызстан менен Египеттеги атаандаштык негизде өткөн шайлоого оң баа берилет.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин жылдык баяндамасы дүйнөдөгү улуттук өкмөттөрдүн адам укуктарын коргоодогу ишмердүүлүгү, бир катар башкаруучу режимдерди кулаткан “Араб жазы” ачкан өзгөрүүлөр менен авторитардык бийликтердин зордук-зомбулук саясаты сынга алынат. Кыргызстандын 20 жылдык эгемен тарыхында саясий бийлик биринчи жолу тынч жол менен өткөнү баса белгиленет.

Бул баяндама 2011-жылдын жаңырышы менен тутанган Араб чөлкөмүндөгү революциялык өзгөрүүлөр менен ачылат.

"Тунис, Египет, Ливия, Йемен, Сириядагы карапайым элдин өз укугун коргоп, жашоо-шартын жакшыртуу жана өз өлкөсүн башкарууга катышуу ниети менен тайманбай чыккан кайратмандыгы – дүйнөнү шыктандырды. Бул өлкөлөрдөгү он жылдап созулган репрессия аяктаганы менен көп партиялуу системаны түптөө, жарандык коомду чыңдоо, сөз эркиндиги менен ачык-айкындуулукка жетүү - убакытты талап кылат. Бул өзгөрүүлөр – адам укуктары урматталып, демократиялык баалуулуктар орногонго чейин башаламандык менен туруксуздукту жаратат. Өткөөл мезгилде эң башкы нерсе – коомдо саясий талкууларга кенен-кесири орун берилиши керек", - деп айтылат баяндамада.

2011-жылы аталган өлкөлөрдөгү революциялык өзгөрүүлөр миңдеген адамдардын өмүрүнө турду. Быйылкы баяндама адам укуктарын коргоо жана демократияны жайылтууда технологиянын салымын өзгөчө белгилейт.
“Технология адам укуктарын коргоодо өз алдынча эч нерсе жасай албайт. Бул адамдар жүзөгө ашырчу иш. Технология болсо ар кимдин өз укугун коргоосуна, эч бир чек ара, эч кандай тоскоолдуксуз, ал тургай ар түрдүү тилде сүйлөсө дагы башкалар менен алака-катыш түзүүсүнө жол ачат. Ошол эле учурда адамдарды көчөгө интернет эмес, адилетсиздик алып чыгат. "Араб жазына" интернет эмес, адилетсиздик түрткү болду”, - деп айтылат.

Мамлекеттик департамент бул ирет дагы адаттагыдай эле адам укуктары айосуз басмырланып жаткан өлкөлөрдү атайт. Мамкатчынын демократия, адам укуктары боюнча орун басары Майкл Поснер баяндаманы жарыялап жатып, буларга токтолду:

- Бул отчет адам укуктарынын бузулуусу, анын ичинде Иран, Түндүк Корея, Түркмөнстан, Өзбекстан, Эритрeя, Судан жана Сирияда уланып жатканы боюнча бир нече жагдайларды документтештирет. Адам укуктары боюнча бир катар проблемалар Орусия, Кытай, Пакистан жана АКШнын саясий чөйрөдө олуттуу кызыкчылыктары бар башка бир катар өлкөлөрдө турат.
Кыргызстанда президенттик бийликтин алмашуусу. 1-декабрь, 2011-жыл
Кыргызстанда президенттик бийликтин алмашуусу. 1-декабрь, 2011-жыл
Жаңы чыккан докладда ошондой эле 2011-жылы Кыргызстан менен Египетте өткөн тарыхый шайлоолор таасын белгиленет. Эки өлкөнүн калкы негизинен эркин жана адилет шайлоого катышып, өз тандоосун билдирди. "Эми бул өлкөлөрдүн жарандары демократиялык бийлик институттарын түзүү, шайлоо аркылуу өз өлкөсүн башкарууга катышуу, ал эми шайланган өкүлдөр болсо жоопкерчиликтүү бийлик жүргүзүү маданиятын калыптандырууда", деп айтылат. Ошондой эле 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндө болгон этностук жаңжалдын кесепетинен кийинки жылы өзбек жана башка майда улуттар көп запкы тартканы даректүү мисалдар менен келтирилет.

Анда күч органдарынын кызматкерлери улутуна карап камакка алганы, кармалгандарга жасалган орой мамиле менен кыйноолор, айрыкча өзбек улутундагылардын мүлкүн тартып алуулар, сот жараяндарындагы мыйзам бузуулар кескин сындалат. Ал эми ошо кезде "борбордук бийлик мындай одоно мыйзам бузуулар менен адам укуктарынын тепселишин токтото алган жок", деп көрсөтүлөт.

Баяндамада адам укуктары бузулган өлкөлөрдүн сабына Европадан: Беларус - 2010-жылдагы президенттик шайлоодон кийинки репрессиялык саясаты үчүн, Орусия – парламенттик шайлоого нааразы болгондордун эркин майтаруу аракеттери үчүн жана Украина – экс-премьер-министр Юлия Тимошенко баш болгон мурдагы 12 өкмөт мүчөсүн саясий куугунтукка алганы үчүн илинген.

Борбор Азия чөлкөмүнөн Өзбекстан менен Түркмөнстан, Азия жана Африкадагы бир катар мамлекеттер Мамдепартаменттин “кара тизмесинен” чыкпай келет.

“Айкөл Эл” партиясынын лидери Эдил Байсалов глобалдык баяндама менен таанышкандан кийин "мурунку отчетторго караганда, учурда биздин өлкөдө эркиндик жана адам укуктарынын сакталышы үчүн аракеттер ишке ашып, шарт түзүлүп жатат деген баасына биз кошулабыз. Ошол эле учурда отчетто айтылгандай, кыйноолор, аялдарга, балдарга ыдык көрсөтүү сыяктуу суроолор актуалдуу бойдон турат", деген пикирин "Азаттыкка" билдирди.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG