Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

Украина: Дипломатияны сыноо уланууда


Президенттер Барак Обама менен Владимир Путин Түндүк Ирландияда, 17-июнь, 2013-жыл
Президенттер Барак Обама менен Владимир Путин Түндүк Ирландияда, 17-июнь, 2013-жыл

АКШнын президенти Барак Обама телефондон Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүп, азыр расмий Москва Украинадагы сепаратисттерди колдоп жатканына “терең камтамачылыгын” билдирди. Бул тууралуу Ак Үйдүн расмий өкүлү айтты. Путин болсо Украинадагы окуяларга Кремлдин такыр тиешеси жоктугун айткан.

Вашингтондо Ак Үйдүн өкүлү эки президенттин сүйлөшүүсү тууралуу айтып, Обама “эгер Орусия Украинадагы аракеттерин токтотпосо, Москвага каршы дагы санкциялар киргизилээрин айтканын” билдирди.

Обама Путинден Украинанын чыгышында маанилүү башкаруу органдарынын имараттарын ээлеп алган орусиячыл топторду ал жактан чыгып кетүүгө көндүрүүгө үндөдү.

Обама, мындан сырткары, азыркы украин жетекчилиги “өзгөчө сабырдуулук” менен чечим кабыл алып жатканын белгилеп, Путинди чек арага жакын жерге топтолгон орус аскерлерин алып кетүүгө да чакырды. Ошондо гана, Обаманын ишениминде, азыркы чыңалуу басылат.

"Орусия Украинанын чыгышындагы провокациялык аракеттерге дагы эле катышып жатат. Орусиялык аскерлер Украина менен чек арага топтолуп турушканы, буга кошумча алар азыр өлкөнүн чыгышында жасап жаткан аракеттеринин баары Украинада бейстабилдүүлүк боюнча коркунучтарды күчөтүп жатат", - деди Ак Үйдүн расмий өкүлү Жей Карни маалымат жыйында.

Мунун алдынан Кремль ушул эле сүйлөшүү тууралуу кабар таратып, Владимир Путин Обамага Украинадагы окуяларга Орусиянын тиешеси жок экенин айтканын билдирген.

Украинанын чыгышындагы башаламандыктарга Орусиянын атайын кызматтарынын агенттери аралашкан деген дооматтарды Путин “такталбаган, натуура маалыматка негизделген жоромол” деп атады.

Азыр расмий Киев да, Батыш өлкөлөрү да “Украинадагы сепаратисттик кыймылды Москва уюштуруп жатат жана Орусия өткөн айда Украинанын курамындагы Крым автономиялык республикасын кантип басып алып, кийин өзүнө аннексиялаган болсо, ошол эле сценарийди чыгышта да колдонуп жаткандыгына” ишенет.

Ал арада Кошмо Штаттар менен Евробиримдик Украинадагы жаңы өкмөткө колдоо көрсөтүүдөгү айрым аракеттерди баштаганын дүйшөмбүдө билдиришти.

АКШ Украинага 1 млрд. доллар карыз берүү боюнча үчүнчү тарап алдында кепилдик келишимге кол коюлганын, Еврошаркет Киевге берилчү 1 млрд. евро карызга кепил болоорун жарыялашты.

Мындан сырткары Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери виза берилбей турган жана мүлктөрү камакка алына турган орусиялык чиновниктердин тизмесин дагы кеңейтүүнү макулдашты.

Азыр Орусияга жан тарткан топтор жана куралчан кишилер Украинанын чыгышындагы кеминде 10 шаардын өкмөттүк имараттарын ээлеп алышкан.

Кечээ 100дөй орусиячыл сепаратист Донецк облусундагы Горловка шаарчасында полициянын бекетине чабуул коюшкан.

Украин бийликтери аларга койгон ультиматумдун мөөнөтү өтсө дагы имараттар бошотула электигин билдиришти. Украинанын утурумдук президенти Александр Турчинов бирок бийликтер өздөрүнүн аскерий операциясынан баш тартпай тургандыгын айтты.

Ошол эле маалда, Турчинов өлкөдө “мамлекеттик түзүлүш” боюнча жалпы элдик референдум өткөрүүгө да каршы эместигин билдирди. Ал өлкөнүн чыгышында оккупацияланган аймактарды, өзү айткандай, “террористтерден” тазалаш үчүн БУУдан бейпилдик күчтөрүн жиберүүнү да суранды.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG