Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:04

Азык-түлүк тартыштыгы күтүлүүдө


Кошмо Штаттардын дыйканчылык аймактарындагы катуу кургакчылык дан азыктарынын түшүмүнө чоң зыян келтирүүдө.

Мындан улам дүйнөлүк базарда дандын баасы көтөрүлүүдө. Себеби АКШ дүйнөдөгү жүгөрү, буурчак жана буудайды эң көп саткан мамлекет. Адистердин айтымында, Кошмо Штаттарда азыркыдай ысык жай акыркы жарым кылымда боло элек болчу.

АКШнын Айыл чарба министрлигинин божомолуна караганда, келерки жылы азык-түлүктүн баасы өлкө боюнча 3-4 процентке кымбаттайт. Мээ кайнаткан ысыктан улам өлкөдөгү миңден ашык округда өзгөчө кырдаал абалы жарыяланган.

26-июлга карай АКШнын үчтөн экисинде кургакчылыктын өкүмзорлугу жүрүүдө.
Кургакчылыктын кесепети АКШдан тышкы дүйнөгө азык-түлүк тартыштыгын алып келиши мүмкүн дешет серепчилер.

Роберт Томпсон мурда Дүйнөлүк банктын Айыл чарба жана элет жерлерин өнүктүрүү программасын жетектеген. Азыр Вашингтондун Жон Хопкинс университетинин изилдөөчүсү. Томпсон азыркыдай кургакчылык Америкада 100 жылда бир же эки ирет гана болот дейт:

- Бул жүз жылдыкта бир же эки жолу болчу кургакчылык. Бул адамдар күткөндөн бир кыйла оор сыноо. Мунун жүгөрүнүн жана буурчактын дүйнөлүк базарга таасири чоң болот.

Ысык менен коштолгон кургакчылык АКШда жыйналчу буудай менен жүгөрү үрөнүнүн 78 процентине таасир эткени турат. Буурчактын үрөнү 11 процентке аз болору эмитеден айкын болууда.

Дүйнөнүн өнөр жайы өнүккөн өлкөлөрүндө буудай жана жүгөрү азык-түлүк, тоютка катар биологиялык отун ирети да колдонулат. Буурчак негизинен тамак-ашка жана тоютка керектелет. Ошон үчүн дан азыктарынын кымбаттоосу эттин баасын жогорулатышы шексиз.

Дүйнөлүк банктын эсебинче, июндун ортосунан бери дандын жана ундун наркы 45-50 процентке чейин өстү. Буурчак акыркы эки айда 30 процентке жакын кымбаттады. Бул Кыргызстанга да мүнөздүү көрүнүш.

АКШдагыдай кургакчылыкты, Дүйнөлүк банктын маалымдашынча, буудай өндүрүүчү Орусия, Украина, Казакстан сыяктуу өлкөлөр да башынан өткөрүүдө. Европаны, тескерисинче, жаан-чачын кыйноодо.

Рене МакГаффин - БУУнун Азык-түлүк программасынын басма сөз өкүлү. Бул ачкачылыкка каршы күрөштө адамдарга жардамдашчу дүйнөдөгү эң чоң уюшма.

МакГаффин айым кургакчылыктын кесепетинен Ооганстан, Эфиопия катар Иракта, Кыргызстанда да элди азык-түлүк менен камсыздоо кыйындарын айтат:

- Азык-түлүктүн бийик жана асмандап бараткан баасы Бириккен улуттар уюмунун Азык-түлүк программасына жана биздин эң ачка, жарды дүйнөнү тамак-аш менен камсыздоо мүмкүнчүлүгүбүзгө эки жол менен таасир этет. Биз ачкалар үчүн тамак-ашты сатып алганга көп акча коротушубуз керек. Биздин эсептөөбүз боюнча, азык-түлүктүн ар бир 10 процентке кымбаттоосу ошол эле көлөмдөгү тамак-ашты сатып алганга жылына кошумча дагы 200 миллион доллар керек дегенди билдирет. Ошол эле учурда баанын жогорулоосу азык-түлүк жардамына муктаж адамдардын санын көбөйтөт.

Эксперттер АКШдагы кургакчылык дүйнөлүк базардагы азык-түлүктүн наркын өйдө көтөргөнгө чейин бир нече ай өтөрүн айтышат. Роберт Томпсондун сөзүнө караганда, климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч тез-тез кайталанып турчудай:

- Климаттын өзгөрүүсүнүн натыйжасын жаратылышта улам күтүүсүз болуп жаткан экстремалдык жагдайлардан: катуу кургакчылыктан, эбегейсиз суу каптоолордон көрүүдөбүз. Эки жыл мурда Пакистанды суу каптады. Акыркы беш жылда Орусияда жана Австралияда олуттуу кургакчылыктар болду. Бул келип, дүйнөнүн айыл чарба базарына коркунучту күчөтүүдө.

Климаттын өзгөрүүсү азык-түлүк тартыштыгын жаратпаш үчүн, Томпсондун пикиринче, улуттук өкмөттөр суу ташкынга жана кургакчылыкка туруштук берчү үрөндүн сортторун өндүргөнгө каражатты көп инвестициялоосу абзел.

XS
SM
MD
LG