Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:00

АКШ Мамкатчысы Өзбекстанга келет


Ислам Каримов менен Хиллари Клинтон акыркы ирет былтыр декабрда Ташкентте кездешкен.
Ислам Каримов менен Хиллари Клинтон акыркы ирет былтыр декабрда Ташкентте кездешкен.

Апта соңунда Өзбекстанга АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун келери күтүлүүдө. Бул сапар байкоочулардын пикиринде, Вашингтон менен Ташкенттин мамилеси жылым тартып бара жатканынын дагы бир белгиси болчудай. Кошмо Штаттар менен Пакистандын алакасы начарлап кеткен шартта Өзбекстан АКШнын террорго каршы согушта таянуучу жаңы өнөктөшү болушу мүмкүн деген жоромолдор чыгууда.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Өзбекстанга 22-23-октябрь күндөрү токтоору күтүлүүдө. Бул Хиллари Клинтондун Мамлекеттик катчы катары Өзбекстандагы экинчи сапары болот. Биринчи ирет ал Ташкенге 2010-жылдын декабрында, Борбор Азия өлкөлөрүн кыдыруунун алкагында келип кеткен.

Мамлекеттик катчынын күтүлүп жаткан бул жолку сапары АКШнын Сенатынын комитети Өзбекстанга мурда киргизилген санкцияларды жоюуну караган мыйзам долбоорун жактыргандан кийинки мезгилге туш келүүдө. Ал санкциялар АКШнын Өзбекстанга аскерий жардам көргөзүүсүнө тыюу салуучу.

Ошондой эле бул жолку сапар АКШнын президенти Барак Обама өзбек президенти Ислам Каримовго 3-сентярбда жолдогон катында эки өлкөнүн “алакасы дагы тыгыз өнүгөрүнө” үмөттөнөрүн белгилегенден кийинки учурга туш келүүдө. Ислам Каримовго кат жолдоор алдында Барак Обама ага телефон чалып, өлкөнүн көз карандысыздык күнү менен куттуктаган болчу.

Андан кийин 29-сентябрда АКШ Мамлекеттик катчысы өзбек тышкы иштер министри Элёр Ганиев менен Вашингтондо жолукканда буларды айткан:

- Биз Өзбекстан менен мамилебизди баалайбыз. Бул бизге Түндүк түйүн (Ооганстанга жүк жеткирүүнүн) боюнча абдан пайдалуу болду. Мындан сырткары бул кайра куруу жагын алганда Ооганстанга да пайдалуу болду. Алар (өзбек өкмөтү) оогандарга, ооган өкмөтүнө активдүү жардам берүүдө. Биз өкмөттүн расмий өкүлдөрү менен уланып жаткан диалогубуздун мааниси чоң деп эсептейбиз. Бул сүйлөшүүлөрдүн учурунда мен жана өкмөттүн башка өкүлдөрү да адам укуктары, саясий эркиндиктер боюнча камтамачылыгыбызды ар убак көтөрөбүз. Ошол эле учурда биз өзбек тарап менен бул багытта прогресске жетүү үчүн иштешүүдөбүз жана баардык маселелер боюнча алакабызды тереңдетүүнү кааларыбыздын белгилерин байкап жатабыз.

Вашингтондогу жолугушууга тушташ өткөн айдын соңунда адам укугун коргоочу эл аралык уюмдардын жыйырмасы, анын ичинде Хьюман Райтс Уочт, Эл аралык Мунапыс, Эл аралык эмгек форуму Клинтонго кат жолдоп, Өзбекстанга аскерий жардам көрсөтүлүшүнө жол ачуучу мыйзамга каршылык билдирүүгө чакырган.

Өзбекстан Пакистанды алмаштырабы?

Ал эми талдоочулар АКШнын Өзбекстан менен мамилесин тереңдетүүгө кадам шилтеп жатышын Ооганстандагы эл аралык күчтөрдү жабдуу маселеси менен байланыштырууда. Вашингтондун террорго каршы согушта буга чейин стратегиялык өнөктөш болуп келген Пакистан менен талашы күчөгөнүн эске алганда, АКШ аны алмаштыруучу жаңы өнөктөш издеп жаткандай.

Вашингтондогу Жорж Мейсон университетинин профессору, Борбор Азия боюнча адис Эрик МакГлинчи “Азаттыкка” буларды айтты:

- Анык айтууга боло турган бир нерсе - АКШ Пакистанда болуп жаткандарга тынчсызданууда. АКШнын Ооганстанга жүк ташууда соңку жылдары Түндүк түйүндү пайдалануусу өсүп жатат, бул өзгөчө Пакистандагы стабилдүүлүк боюнча камтамачылыктардан улам өстү. Менимче, АКШ өкмөтү Пакистан мамлекети карманган багыттан тынчсызданып жатканы четке кагууга болбой турган факт. АКШ өкмөтү Пакистан менен мурунку алакаларын алмаштыруу үчүн өкмөтү абдан проблемалуу Өзбекстан сыяктуу өлкө менен карым-катнашка барууда.

Пентагондун маалыматтарына караганда, Түндүк түйүн аркылуу былтыр Ооганстанга багытталган аскерий эмес жүктүн 30%ы өткөн. Быйыл жыл аягына карата бул көрсөткүч 75%га чейин жетүүсү мүмкүн.

Транзиттик борбор

Вашингтон Түндүк түйүндө маанилүү роль ойнорун айтып жаткан Өзбекстан Борбор Азиянын Ооганстан менен чектешкен үч өлкөсүнүн эң ириси. Талдоочулардын пикиринде, Өзбекстан аркылуу Ооганстанга кургактан каттоого болорун эске алганда, учурда транзиттик борбор турган Кыргызстанга салыштырмалуу жүк ташуу арзанга түшөт.

Кокус АКШ Ташкент менен карым-катнаштын натыйжасында, Өзбекстандагы аскерий базасын калыбына келтирсе, Кыргызстандагы транзиттик борбордун зарылчылыгы жоголбойбу?

Бишкектик талдоочу Орозбек Молдалиев мындай дейт:

- Албетте Өзбекстандын ыңгайлуу жагы темир жолу бардыгы, Ооганстанга жакын жайгашканы. Калган мамлекеттерге салыштырмалуу тышкы күчтөр аймактын эки ири өлкөсү - Өзбекстан менен Казакстанга приоритет беришет. Биз бул жагын ойлонуубуз керек. Транзиттик борбор бизден кетип калат деп тынчсызданууга азырынча негиз жок. Бирок биз өзүбүз, ким эрте турса эле, “Американын базасын чыгарыш керек” деп кыйкырып жатабыз.

Транзиттик борбор боюнча АКШ менен Кыргызстан ортосундагы соңку келишим 2014-жылга чейин эсептелген. 2001-жылдын сентябрындагы террордук чабуулдардан кийин АКШ өз базасын Өзбекстанда да ачкан. Бирок 2005-жылдын майында Анжиянда орун алган кан төгүү АКШнын саясатын өзгөртүп, ал Анжиян окуялары боюнча эл аралык иликтөө өткөрүүгө чакыргандан кийин Ташкент Вашингтондон Карши-Ханабаддагы аба бекетин бошотууну талап кылган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG