Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 09:20

Дүйнө

Киевде экс-премьер-министр Юлия Тимошенко камалды

Юлия Тимошенко Печерск райсотунда камакка алынды. Ал Украинага 190 млн. доллар чыгаша тарттырган деп айыпталууда.

Текст көлөмү - +
Милициянын "Бүркүт" ыкчам тобунун коштоосунда Тимошенкону салган атайын автоунаа аны Лукяновск тергөө абагына жеткирди. Оппозициялык саясатчынын жүздөгөн тарапкерлери сот имаратынын алдында каршылык аракеттерин көрсөттү.

Юлия Тимошенкого карата баш коргоо чарасынын өзгөртүлүшүнө прокурордун "айыпталуучунун системалуу түрдө сот жараянын үзгүлтүккө учуратканы, айрыкча күбөлөрдү суроого тоскоолдук кылганы үчүн" камакка алуу боюнча өтүнүч менен сотко кайрылганы негиз болгон.

Жума күнү "газ ишин" караган сот Родион Киреев Тимошенкону абакта камоого чечим чыгарып, саясатчы айым сот залынан кармалды.

Жүктөө

Тимошенко сот аны 24-августка чейин камакка алуу чечимин чыгарарын, бул боюнча президент Виктор Янукович көрсөтмө бергенин сот отуруму баштала электе айткан. Ал камалаар алдында интернет баракчасында мындай билдирүү жарыялады: 

"Мени камакка алуу планын ишке ашыруу боюнча билдирүү жасагым келет. Бул саясий оппонентти жоготуу экени түшүнүктүү. Бирок менин айтайын дегеним башка. Мен өз жанымды өзүм кыюуга эч ыклас эмесмин. Алардын Кирпа менен Кравченкого жасаган "шайтан оюндарынын” жолуна түшүүгө кажет жок. Мен эч качан өз жанымды өзүм кыйбайм. Менин бардык кылганым – дүйнөдө Украинанын сый-урматка жетүүсү үчүн криминалдык бийликке каршы күрөш. Украинага даңк! Юлия Тимошенко.”        

Ал ортодо украин президентинин маалымат катчысы Дарка Чепак Виктор Янукович мурдагы премьер-министрдин камалышына эч кандай тиешеси жоктугун билдирип, сот ишине кийлигишпей тургандыгын айтты. Ошондой эле маалымат катчы мамлекет башчы бул окуя тууралуу түшүндүрмө бербестигин журналисттерге ачыктады.

Украинадагы бир катар оппозициялык күчтөр Тимошенкого колдоосун билдирди. Парламенттеги "Биздин Украина – Элдик коргонуу" фракциясы «мурдагы өкмөт башчынын камакка алынышы Украинага эл аралык коомчулуктан обочолуп калуу коркунучун түзөт. Анткени бийлик Беларустун жолуна түштү», деген билдирүү таратты.
 
Жума күнкү сот жыйынында украин премьер-министри Николай Азаров күбө катары көрсөтмө берип, Тимошенко Орусия менен жетишилген келишимде Украинага чыккынчылык кылганын айтты.

Мамлекетик айыптоо Тимошенко 2009-жылы өкмөттү жетектеп турганда Орусиядан газ сатып алуу боюнча кол койгон келишимде өлкө казынасына 190 миллион доллар чыгаша алып келген деген кине тагууда. 

Тимошенконун адвокаты Юрий Сухов райондук соттун чечимине каршы доо арыз менен жогорку баскычтагы сотко кайрыла тургандыгын билдирди.

2001-жылы Юлия Тимошенко Киевдеги Лукяновск тергөө абагында, ал тургай азыр отургузулган камерада "орус газын сатып алууда аткезчилик кылган, документтерди жасаган" деген негизде 42 күн кармалган.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
06.08.2011 18:07
Эй жегичтер!!!!!!!!! Өз элинин канын сооргондор!!! Эртели кечпи акыры кармаласынар. Уурулук жакшылыка алпарбайт. Барибир олтурасынар!!! Кылмыштын срок давностиси болот. Ал эми уурунуку болбойт.Сухари готовти друзья.

кимден: Келиш Бугубаев каяктан: Бишкек-Москва
06.08.2011 17:02
Бизде да камала тургандар коп.
Качан камайбыз аларды?
Же ушинтип элди, бюджетти тоноп журо беришеби я ?

кимден: kamchy каяктан: korea
06.08.2011 09:17
kamaw kerek bul tentek aialdy,kriminal menen bailanywy bar bul aialdyn. ukrainadan kop misal alsa bolot,uwu bakievterdi dagy uwintip kamai alsak abdan jakwy bolmok,tileke karwy bizdin eldin mywleni9sy oto jardy.......

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине