Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 09:20

Журтташтар

Түркия: жабыркаган кыргыздар жардамга муктаж

23-октябрда Ван өрөөнүндө болгон зилзаладан набыт кеткендердин саны 430дан ашканы айтылууда. Алардын ичинен төртөө этникалык кыргыздар.

Жүктөө

Ванда зилзалада 300дөн ашуун киши набыт болуп, жүздөгөн адамдар дайынсыз. Рейтер агенттиги, 25.10.2011

Текст көлөмү - +
Кырсык кесепетин четтетүүгө айылдарга өкмөттүн колу жетпей, жер силкинүүнүн толкуну дагы деле басылбай улам кайталанып жатат.

Күз чыкыроондо памирликтер үйгө түнөй албай, ачык асман алдында чатыры жок, тамак-аштан кыйналып жатышкан экен.

Зилзала болгон Ван, Эржиш, Улуу Памир аймактарында 4 миңге чукул этникалык кыргыз бар. Жер титирөө очогуна жакын Улуу Памир айылынын мурдагы өкмөт башчысы Сали Санжактар аймактагы акыркы абал тууралуу "Азаттыкка" маек курду.

​​Сали Санжактар: Жер титирөө катуу болду. Шаар борборунда үйлөр урап түшүп калган. Азырга чейин ошол уранды астынан чыгарыла элек кишилер бар деп жатышат. Шаарда 120 миң калк бар. Ошол жерде чыгым көп болгондуктан, өкмөттүк күчтөр бошой албай жатат.

Улуу Памир айылында 500 үй бүлө бар. Бизде чоң чыгым болбосо да үйлөрдөн жарака кетти. Бирок жердин термелгени али басылбай, майда силкинүүлөр улам кайталанып жаткандыктан, үйгө кире албай сыртта турабыз. Аба ырайы да суук. Ушу маалга чейин чатыр келген жок. Суукта ачык асман астында турабыз.

​​"Азаттык": Өкмөттөн жардам жеткен жокпу? Күн суук болсо, ачык асман алдында кантип жашап атасыңар?

Сали Санжактар: Сыналгыдан элге жардам жеткирип жатканын айтышууда. Чындыгында андай эмес. Өкмөттүн жардамы Эржиштен ашпай жатат. Ал жерде эл талап кылып, келген жардамды алып коюп жатышат.

Өкмөт уранды астында калган кишилерди чыгаруу менен алек болуп, бизге көңүл бура албай жатат. Четтен жардамдар келүүдө, бирок ал бизге жетпей жатпайбы. Армия, полиция, бийлик өкүлдөрү уранды астында калгандарды бошотуу менен алек болуп, бизге окшогон айылдарга колу жетпей жатат.

Биздин айылда 500 кожолук бар. Мектепте балдар бар, алар да кыйналып жатышат. Тамак-аш жагынан да кысылып калдык. Сатыкта эч нерсе жок.

​​"Азаттык": Эржиштен Улуу Памирге 30 чакты үй бүлөнү көчүрүп алганы айтылды эле?

Сали Санжактар: Кээ бирлери келди, айрымдары шаарда эле калышууда. Айылга келген менен бул жакта деле баш калкалоого бир нерсе керек да. Оорулуулар бар арасында. Ошондуктан баары келе албай, шаар борборунда эле турушат.

"Азаттык": Түнүндө аба ырайы кандай?

Сали Санжактар: Күн суук. Бүгүн жаан болот деп айтышты. Эртең кар түшөт деп айтылган.

"Азаттык": Эгер кар жааса баш паанексиз калган эл кантээр экен?

​​Сали Санжактар: Ар ким шартына карап жашай берет да. Эми анча-мынча оорулууларыбыз да бар. Ооруканада жай да жок болуп жатат. Оорукананын имараты жабыркаган. Шашылыш чара көрчү оорулуу болсо башка шаарга жөнөтүп жатышат.

"Азаттык": Шыван ажы баш болгон 4 кыргыз боордош набыт болгону айтылды эле, алар жерге берилдиби?

Сали Санжактар: Ооба, алар кечээ жерге берилди.

"Азаттык": Жакын арада силерге өкмөттүн колу жетчүдөйбү? Тамак-аштан кысылып жатабыз дедиңиз эле.

Сали Санжактар: Жок, өкмөттүн колу жакын арада бизге жетпейт го. Анткени бизсиз деле жумушу көп болуп жатат. Урандыларды качан тазалап бүтөөрү белгисиз. Өкмөттүн жардамы айылга жетпей жатат.

"Азаттык": Сали ага, аман болуңуздар. Боордошторго көңүл айтып, кайрат кылгыла. "Кыйынчылыкты аманчылык жеңет" дейт.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: karadeniz каяктан: fırtınası
30.10.2011 18:46
kırgızdarın olup kıynalganı jok.turtsıya con olko.baardıgına jardam koyuo bertat.

кимден: karadeniz каяктан: fırtınası
30.10.2011 18:37
vabhse ne prijivayti.turtsıya baardıgına jardam koyup bertat.kırgız gurt debesden.baardıgına skoro üy kurulat i akca berilet.

кимден: Chindik каяктан: kiyamat
27.10.2011 02:42
ОЙ Тугандар Анкардагы Урматтуу Биздин Элчибиз Эрмек агай..
Что случилос деп орусчалап кыргызча тушунбой отурса..
Кыргызча билбей Кыргызстанды Кыргыз элин уят кылып.., Орусчаласа.
Ой анан ал Улупамирди кайдан билмек эле Кыргызды коруп монголы деп жатса
Пикирге жооп

кимден: nazgul каяктан: Bishkek
27.10.2011 18:14

Эрмек Ибраимовду 14 апрельде 2011 Атамбаев дайындаган. Кыргыз тилди билбесе, анда тюрк тилди дагы билбейт. Тюркия менен бизге виза керек жок, ошондуктан бул иш менен элчилик алектенбейт.Эки официалдуу мамлекеттик мекеме бар, бироо Стамбулда, экинчи Анкарада. Эгерде 4 мин кыргыз кар тушкон жерде ачык асман алдында туноп журсо, ошол кыргыз элчилик Уллупамирликтерге чалбай, карабай эмне кылып журот?
Тюрктор биз 20 жыл бою жасабаган иш кылган, Оогандан келген кыргыздара жер болуп, уй салып, окутуп, иш берди. Эми биз тошок, тамак аш болуп бере албайбызбы? Бул элчилик 23 октябрдан баштап ошол айылга барып баарын карап чыгыш эле.
Ошондой кишини кайдан тапкан Атамбаев мырза???
Атамбаев 2011 четжакадан келген кыргыз балдарга билим берууго 5 % скидкасын жойгон. Сали Санжактар мырза Кыргызтанга атайын келип укмуш суранган, билим алыш учун Кырызстанга барган кыргыз балдарга акысыз билим беруу, ошону камсыздабай кулкуу 5% скидка кылып берген. Сали Санжактар мырза кыргыз китептерди, кыргыз тилди уроткон мугалиди сураган. Биз болсо буга унчукпай тылдыйдык.. Туркиядан 3 гана студент кыргыз , Таджикистандан болсо 20 чакта кыргыз , эми ушу 50ге жетпеген стундентен ушу кулкуу 5% скидкадан кыргыз бюджет милиондогон сомдон тушот.
Бир жагынан ЖК сунуш киргизет, бир жактан окмот жоет. Тьфу!
Пикирге жооп

кимден: Назгул каяктан: Бишкек
27.10.2011 18:27
Кечиресиз,
50ге жетпеген стундентен ушу кулкуу 5% скидканы жойгондон кыргыз мамлекеттин бюджети миллиондогон сом тушот.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
26.10.2011 22:22
Ооо Жараткан, дуйно жузун жаратылыш кырсыгынан сактай коооор.

кимден: Kyrgyz patriotu каяктан: Ankara
26.10.2011 16:16
URMATTUU TURKIYADAGY KYRGYZ ZHARAANDARY!!!23.10.2011 kunundo bolup otkon zylzaladan jabyr tartkan Van-Erjısh oblasttyndagy Ulu-Pamir aiylyndagy Kyrgyz Eli uchun JARDAM BERUU maksatynda atain bir kairymduuluk araketi Kyrgyzstan Dostuk jana Madanıyat Koomu tarabynan bashtattyk. Akchalai jardam uchun:GARANTİ Bankası. Sube Adı: Sirinevler Kırgızistan Dostluk ve Kultur Dernegi. Garanti bankası TL: 187/6297006 Garanti bankası USD: 187/9086004 Garanti bankası EUR: 187/9086003BANK ASYA: Sube Adı: 60-Sirinevelr Subesi Kırgızistan Dostluk ve Kultur Dernegi. Bank Asya TL: 60-2352005-1 Bank Asya USD:60-2352005-2 Bank Asya EUR: 60-2352005-3Buyum je bashka turduu jardamdardy Koomubuzga alyp kelsenizder bolot.''Kyrgyzstan Dostuk jana Madanıyat Koomu'' kengsesinin daregi:Hurriyet Mah. Mahmut Bey caddesi, Polat sok. NO:2, kat:1 , Sirinevler/İstanbul Tel: +90212 653 00 87Gsm Avea: 0554 491 12 23Gsm Turkcell: 0533 466 06 88 www.kyrgyzstan.org.trAnkara OkulchuluguSelanik cad. 72/18 Kızılay Cankaya. Tel: 0312 417 08 54Gsm. 0507 977 61 79 AKBANK Hesap No: 0189155 Şube No: 0356 Kızılay Şubesi.İBAN: TR0004 6003 5688 8000 1891 55

кимден: jek каяктан: Turkıya
26.10.2011 13:42
OOba Uluupamir ayılında Kyrgyzdar jashagan ayıldardyn bırı ...chatyr ,mehs jana bashka kerektuu nerselerdı jetıshpeı jatkanı chyndyk ...kecheekı kabarlardan ukkanıma karaganda jardamdar jetısheerlik darajada Van shaaryn jetken osholorduu tarkatuuda okumot jetıhpeı jatkandygy aıtlyp jatatt..... Jardam bere turchular aıabaı kop bul jakta koldoruna akchasynan bshtap chatyryna chayın karmap alıp olturat kadaı jıberebız dep bul jerde Turktor ech kandı alar kyrgyz ken je Kurt eken degn masele kılıshkan jok chynchynyna kelgend Kyrgyzdarga karaganda Kurttotrdu jaman korushot,Bul aımakta kobuncho kurt ulutundagylar jashayt bırok aga karabaı koldorunan kelgen jardamdaryn berelı dep olturat ....Bul chatyr ,tamak ash jetıshpoonun bırden bır sebebı okmot kunoolu bolup jatat okshoyt dep oıloım .....Ooba kechoogunu bul jakty aırym medyalardan aıabaı talkuulashty chynchynyna kelgende 50 saattyn ele tegeregı bolbodubu jer tıtıroonun bolushuna ....men hın dılımen ıshenem ech kumonsuz bızdın kyrgyzdardy al jakta kyrgyzsynar dep tashtap koyushpayt Okumot baaryna jetıshuu menen jardam beret....bır az sabyrduuluk kerek albette Kyrgyzstan memleketı dee jardam kılsa jakshy bolmok Aerbaıjan Turkıyadan surabaıle ekı Uchak jardam jıbere saldy ech kandaı uluksat surabaıle jardam suralıp berılbeyt ......
Пикирге жооп

кимден: nazgul каяктан: Bishkek
26.10.2011 19:08
Egerde elchilikter tyltyip echteke kylbai oturza anda sisge bir neche email berip koeyn aryzdanga.
Kyrgyz parlamenttin toraga Keldibekov Ahmatbek barakchazy www.toraga.kg email info@toraga.kg
Kyrgyz okmot email: okmotkg@mail.gov.kg www.gov.kg

Birok baary orus tilinde je bolboso oryz tamga menen jasylgan.

PS: Men jonokoi kyrgyz janaan. Kandai ishtegeni bilbeim, birok sis uchurunda jardam berginin ishenem.



Пикирге жооп

кимден: nazgul каяктан: Bishkek
26.10.2011 18:43
Urmatyy Uluupamirlikter, kabarlar tyshty, kyrgyz okmot 22 min dollarga jardam berygo chechti. Sis kyrgys mamleketin elchigine chalyp je jasyp byl jardamdy talap kylgynys.

Elchinin aty jony Ibraimov Ermek
Daregi Turan Gunes Bulvari 571, Caddesi No. 21,Yildiz/Oran-Ankara 06450 telephondyn nomeri (00-90-312) 491-35-06, 491-35-0. email info@kgembassy.org.tr www.kgembassy.org.tr

Istambul Aty: Arstanbaev Mirlan
DAregi: Lamartin caddesi, #7, Taksim, Istanbul - Turkey,
telephone (00- 90- 212) 235-67-67
e-mail: genkon@tr.net

кимден: Azat каяктан: Bishkek
26.10.2011 13:29
Этникалык кыргыз эмес, кыргыз тегиндегилер деп айтуу керек. Этнический деген сөз этностук делет, кыргызча баланча тектүү десе болот.

кимден: нагзул каяктан: Бишкек
26.10.2011 09:02
Ооба, андай закон жок
4 мин киши, анча коп эмес!!! Ооган кыргыздар 2010 жылы 70 % кырылган... Эми турк кыргыздарга жардам берсе болмок эле. Ибраимов Туркияда кыргыз элчилиги, туркиядагы кыргыздардан акча чогултуп Ван өрөөнүндө зилзадан жарбыркандарга тошок, тамак аш тарап бермек болот эле. керек болсо Бишкектен 4 медиктерди жиберип койсо болмок Эмнеге отурат тушунбойм?

кимден: Ойчул Кыргыз
25.10.2011 21:25
А биздин өкмөт жок эле дегенде өз кандаштарыбызга көңүл үчүн деле жардам беримиш болуп койсо болбойбу...эх саякатчы саясатчылар...
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
27.10.2011 13:32
ар бир адам оз колудан келген жардамын беруу керек.
Пикирге жооп

кимден: aziz
26.10.2011 14:24
Kyrgyzstam jardam beruuchulordon birinchi bolup oiun bildirbedibi?Jardam bereli dep.Birok Turkya azyryncha bashka Iran ,Azerbeijandar jardamdashyp jatyshat dep.
Пикирге жооп

кимден: КП каяктан: КР
26.10.2011 18:34
Кана ошол жардамы КР айтып койо берет факты кана жардам бергени .. ошол шайлоого чачкан акчасынан атамбаев кичине жнотуп койсо болот да .Факты Туркияда кыргыздар олуп кыйналып жатканы ал эми Атамбаевдикиби же бабановдукубу иши кыса жардам бербегени бул да факты. берели деп айтканы бул жардам эмес да. биздикилер айтып койю унутканы биринчи жолу эмес да.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине