Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 09:16

Саясат

Сирия: жума намазга уланган митингдер

Сирияда жума намаздан кийин массалык демонстрациялар уланды. Өкмөттүк күчтөр нааразылыкка чыккандарды аткылап, зордук-зомбулук уланууда.

Текст көлөмү - +
Сириянын коопсуздук күчтөрү жума намаздан кийин көчөгө чыккандарга каршы Дейр ал-Зур шаарында курал-жарак колдонду. Шаар тургундары Харвил мечитинин жанында армия АК-47 автоматтарынан ок чыгарганын билдиришти. Зыянга учурагандар тууралуу дароо маалымат берилген жок.
 
Хама шаарында нааразылыкка чыккандардын экөө мерт болгону айтылды. Эки жигит ал-Тавхид жана ал-Сахаба мечиттеринин жанында окко учкан.

Сирия бийлиги жума күнү таң эртелеп каршылык акцияларына чыгат деп шектелгендерди камакка ала баштаган. Укук коргоочулар жуманын таңында бир аял менен эркек полициянын огунан набыт кеткенин кабарлашкан.
 
Британиядагы "Сириялык байкоочулар" тобунун жетекчиси  Рами Абдел Рахман Дамаск шаарынын чекесиндеги Сакбада полиция массалык кармоолорду баштаганда бир киши өлтүрүлгөнүн билдирди.  Дагы бир аял өлкөнүн түндүгүндөгү Идиб провинциясында Хан Шейхун шаарчасында атайын кчтөрдүн огунан мерт болду.
 
Окуянын күбөлөрү ондогон танктар менен курал жарак ташыган унаалар шаарларды аралап, октун атылганы тынымсыз угулуп жатканын айтышат.
 
Бейшембиде өлкөнүн ар кай тарабында кеминде 16 киши өкмөттүк көчтөрдүн колунан мерт болду деген кабардан кийин нааразылык күчөдү.
 
Ушул жылдын мартында башталган бийликке каршы толкундоолордо 2150 киши өкмөттүк күчтөрдүн колунан өлгөнүн укук коргоочулар билдирет. 41 жылдан бери Асаддын үй бүлөсү башында турган режимди кулатууда он миңдегендер камалды.
 
Алардын  миң жети жүздөйү карапайым адамдар болсо, төрт жүздөйү коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү. Аскерлердин көбү демонстранттарга каршы күч колдонуудан баш тартканда бийликтин жактоочуларынан колунан мерт болушкан.


“Орозонун ар бир күнү - жума”
Аптанын жума күнү -  Сириядагы каршылык митингдеринин очогу саналат. Жүз миндеген адамдар намаздан кийин өлкөнүн шаарларында көчөлөргө чыгышат.


Ал эми ыйык орозо айынын жума күндөрү карапайым мусулмандар менен коопсуздук күчтөрүнө бирдей түйшүк жаратууда.  
 
Сириялык демонстранттардын кыймылдаткычына айланган “Сириядагы ыңкылап - 2011” деген топ интернет желесине “биз кудай алдында гана тизе бүгөбүз” деп калайык калкты “орозонун ар бир күнү - жума” деген чакырык менен митингдерге алып чыгууда.  
 
Бейшембиде АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Кытай, Орусия, Индияны президент Асадга бийликтен кетүүгө басым жасоого чакырды.
 
 - Ассадга басым жасоону улантып, кара май менен газ сатып алууга санкция киргизүүбүз керек. Ошондой эле Европа бул багытта мындан дагы көп кадамдарды жасоосун каалайбыз. Индия менен Кытай Сирияга өтө бараандуу инвестиция салганын билбебиз. Андыктан, Индия менен  Кытай дагы биз менен чогуу чараларды көрүүсүн каалайбыз.
 
Ал ортодо Вашингтондо президент Обама президент Асад менен телефондон сүйлөшүп, бийликтен кетүүгө чакырууга камынып жатканы кабарланды.
 
Барак Обама Түркиянын премьер министри Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Ак үйдүн маалымат катчысы эки лидер Сирияда “демократияга өтүүнүн” жол-жобосун макулдашканын билдирди. Андан саал мурун Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давитоглу Сирияга сапарында өлкө бийлигин зордук-зомбулукту токтотууга чакырган.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: nur
22.08.2011 14:14
АКШнын,Европанын малайлары, мариоенткалары болуп Сирияны президенти, чиновниктери ушул убакытка чейин иштеп келишкен. Эми Сирия калкы ойгонуп келе жатышканда мына минтип согуш болуп жатат. Америка, Европа бекер жеп жаткан каймактарынан оной-олтон айрылгысы келбейт. Мына ошонун кесепетинен согуш келип чыгып жатат. Алардын максаты капитал топтоо. мусулман олколорун манкурт кылуу. Дин турмуштан ажыратылган деген лозунг менен жашашат. Ал эми Сирия калкы - бул лозунг туура эмес экендиктерине коздору жетти да, динди талап кыла башташты.Эмне десе бир гана ИСЛАМ Дини туура жашоого алып барарына ишеништи. Бирок массалык маалымат каражаттары тескерисинен берип жатат. Демократия жетишпегендиктен ушундай абалга кабылышты-деп. Пайгамбарыбыз САВ айткан халифалык Шам олколорунун биринде болот деп. азыркы кундо Сирия,Йемен,Ливияда согуш болуп жаткандыгы, бул Иншаалах Халифалыктын жакын калышында. Аллах Субаханаху ва Таала кааласа Халифалыкты кафырдын колу менен тикелеп коет.Омийин!!!!!!!!!!!!!

кимден: ibn Abdullah
13.08.2011 20:33
bul okuyalardyn artynda tyshky jana ichki fitnachylar turat! Buga okshogon fitnachylar ar ubak, ar jerde bolup kelishken! Akyrky 5,6jylda bizdin KGde da buga okshogon fitnachylardyn plandary ish juzuno ashuuda. jana azyrky biylik ozu oshol fitnachylar okuldoru siyaktuu eles kaltyrat. Dagy Vallohu Aalam!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине