Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:58

Алепподо айыгышкан уруш жүрүүдө


Алеппо, Сирия
Алеппо, Сирия

Сириянын Алеппо шаарына жакын жерде өлкөнүн президенти Башар Асаддын аскерлери өкмөткө каршы күчтөрдү артка чегинтүүгө аракет кылууда.

Британиядагы Адам укугуна көз салган сириялык топтун маалыматына караганда, 5-февралда Алеппонун түндүк-батышында болгон кагылышта эки тараптан болжол менен 120дан ашуун адам өлгөн.

Уруштан улам шаардын калкы үй-жайын таштап кетүүдө. Ишемби, 6-февралга оогон түнү Түркия менен чектешкен аймакка 20 миң качкын топтолгон.

Би-би-си билдиргендей, Сирия өкмөтүнүн аскерлери орус аба күчтөрүнүн жардамы менен бир нече ирет чабуул жасаган.

Жума, 5-февраль күнү буга байланыштуу АКШнын мамкатчысы Жон Керри Москва менен Дамаск Сириядагы ок атышууну токтотуу боюнча БУУнун резолюциясын бузуп жатканын айтып чыкты.

Жон Керри Орусиянын Сириядагы аба чабуулдары карапайым өлүмдү көбөйткөнүнө токтолду. Анын айтуусунда, орус аскерлери абадан таштап жаткан бомба даректүү бир чекитти көздөбөй, туш келди түшүүдө. Натыйжада андан жай тургундар, тагыраагы аялдар менен балдар жабыркап жатышат.

Анын айтуусунда, Орусия Сириядагы жаңжалды токтотууга конструктивдүү сунуштарды бере баштады, “бирок бул сунуштар бомбалоону уланта берүүнү жымсалдоо үчүн гана айтылган болсо, мааниси жок", - деди Керри.

Айрым аскер адистеринин маалыматы боюнча, Москва Сириядагы исламчыл террорчуларга каршы туш келди түшүүчү бомбаларды колдонууда. Маалыматтарга ылайык, мындай бомбалар Советтер союзунун тушунда көп жасалган жана алигиче запасы көп.

Буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган орус бийлигин Сирияда “чөнтөк мамлекетин” түзгөнү жатат деп айыптаган. Эрдоган Москва бейкүнөө адамдардын канын төккөнү үчүн жоопкерчиликке тартылышы керектигин да кошумчалаган.

Бул жумада Сирияда узакка созулган жаңжалды жөнгө салуу үчүн Улуттар уюмунун демилгеси менен Женевада жүрүп жаткан тынчтык сүйлөшүүлөр 3-февралда “убактылуу токтоду” деп жарыяланган.

Сирияда 30-сентябрдан бери авиациялык кампания жүргүзүп жаткан Орусия исламдык радикалдар менен күрөшкөн Асаддын армиясына колдоо көргөзгөнүн айтууда. Ал эми АКШ жана анын союздаштары Орусия Асаддын бийлигине каршылар менен согушуп жатканын айтып келет.

XS
SM
MD
LG