Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:15

Футбол майрамы башталууда


8-июнда Украина менен Польшада футбол боюнча Европа чемпионаты башталат.

Футбол тактыкты, эсеп-кысапты жакшы көрөт эмеспи: канча гол киргизилген, канча сары карточка берилди, тигил же бул футболист оюндун жүрүшүндө канча километр чуркады, канча пас берилди ж.б. Назарыңыздарга мелдешке байланышкан айрым кызыктуу статистиканы жана фактыларды сунуш кылабыз.

Бул жолу беттешүүлөрдүн жыйынтыктарын 2 жаныбар алдын ала айтып берип турмакчы. Дүйнө чемпионатында ар бир оюндун алдында Пол деген осьминогго төлгө салдырышкан. Пол ар бир матчтын эсебин адашпай айтып берген. Эми маркумдун ордун Украинада телепат каман, Польшада Чжита деген көзү ачык пил ээлешет.

Эң ийгиликтүү болуп эсептелген Германиянын курама командасы 3 жолу Европа биринчилигин жеңген, 6 жолу финалга чыккан. Бирок катары менен Европа жана дүйнө чемпионатын утуп алган Испанияны да унутпоо зарыл.

Таймаштар 8 шаардагы 8 стадиондо өтөт: Украинанын Донецк, Харьков, Киев жана Львов шаарлары, Польшада – Гданьск, Познань, Варшава жана Вроцлав. Биринчи матч Варшавада, финал 1-июлда Киевде ойнолот.

Кандуу оюн

Бир эле чемпионатта эң көп голду УЕФАнын азыркы төрагасы, Франция улуттук командасынын мурдагы чабуулчусу Мишел Платини киргизген. Анын 9 гол рекордун эч ким кайталай элек.

Чемпионаттын финалдык бөлүгүнө 53 командадан иргелип отуруп, 16 өлкөнүн өкүлдөрү катышмакчы.

Украиналыктардын 31% футбол өлкөнүн аброюн көтөрүүгө көмөктөшөт деп ойлошпойт экен.

Киевде футболго даярдык кызуу жүрүп жатат, 6-июнь, 2012-жыл
Киевде футболго даярдык кызуу жүрүп жатат, 6-июнь, 2012-жыл
Киевде Днепрдагы аралчада швециялык 10 миңдей ышкыбоз үчүн 50 даараткана орнотулат.

Польшанын улуттук командасы ФИФАнын рейтинги боюнча 65-орунда турат. Бул – турнирди өткөргөн футбол жагынан эң чабал өлкө болуп саналат. 2007-жылы польшалыктар 17-сапта болчу. Украина азыр 50-орунду ээлейт.

Мындан туура 70 жыл илгери Киевде Өлүм матчы деген ат менен тарыхка кирип калган таймаш болгон. Нацисттердин аскерлери менен украиналык "Динамодон" куралган "Старт" командасы 1942-жылы матч өткөрүшкөн. Ага чейин бардык атаандаштарын жеңген украиналыктарга ССтин офицерлери финалда жеңилүү буйругун беришкен. Бирок алар 5-3 эсебинде утуп алышкандан кийин айрымдары Гестапо тарабынан камалып, атууга кеткен. 2005-жылы Германия соту ал окуянын футболго тиешеси жок болчу деген чечим чыгарган.

Футбол менен саясат аралашканда...

Чемпионат ачылган күнү Украинанын мурдагы өкмөт башчысы Юлия Тимошенконун абакта отурганына 241 күн болот. "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп айыпталган Тимошенко былтыр октябрда 7 жылга эркинен ажыратылган. Европалык айрым лидерлер экс-премьердин ишинде саясий жүйө бар деп, турнирдин Украинада өтчү бөлүгүн бойкоттоо ниетин билдирип келатышат. Тимошенко Харьков түрмөсүндө отурат, ал жерде биринчи матч 9-июнда болот.

Киевде стадионго жакын жердеги батирлерде жашайбыз десеңер, кеминде 800 доллар төлөөгө туура келет.

Украин милициясына он миңдеген туристтер менен сүйлөшүүгө жардам болсун деп, 1 миң 400 электрондук котормочу берилди.

Футбол күйөрмандары, Киев, 16-сентябрь, 2010-жыл
Футбол күйөрмандары, Киев, 16-сентябрь, 2010-жыл
Эски континенттин биринчи чемпионаты 1960-жылы өткөрүлгөн. Идеянын автору деп франциялык Анри Деонөй аталып жүрөт. Бирок ал турнирге чейин 5 жыл калганда көз жумган. Чемпиондорго ыйгарыла турган кубокко анын ысымы берилген.

Киевдеги Олимпиада стадионуна 68 миң киши батат. 1923-жылы ачылган стадион былтыр ремонттолуп, жаңыланды. Ал жерде 1980-жылкы Москва олимпиадасы учурунда футбол матчтары өткөрүлгөн.

Украина мелдештерге 1 миллион турист келет деп үмүттөнөт. 46 миллион калктуу өлкөнүн туристтик Мекеге айланып калгысы бардыр.

Чемпионаттын ачылыш аземин жер жүзүндө 150 миллион киши көрөт деп күтүлүүдө. Анда венгриялык пианист Адам Гиорги Шопендин этюдун аткарат. 20 мүнөттүк салтанаттан кийин Польша-Греция беттешүүсү башталат.

Украина мелдешти өткөрүүгө 13,4 миллиард доллар сарптаган. "Ройтер" агенттигинин маалыматына ылайык, 6 миллиард доллар мамлекеттик казынадан кеткен.
XS
SM
MD
LG