Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Кабулдагы кандуу калаба


Жардыруудан кийин, Кабул, 19-апрель
Жардыруудан кийин, Кабул, 19-апрель

Ооганстандын баш калаасы Кабулда бүгүн жанкечтинин жардыруусунан жана аны коштогон ок атуулардан кеминде 28 адам ажал таап, дагы 300дөн ашуун киши жаракат алды. Чабуул үчүн “Талибан” кыймылы жоопкерчилик алды.

Кандуу калаба шейшемби күнү эртең менен жергиликтүү убакыт боюнча саат тогузда, Кабулдун чок ортосундагы Пул-э Махмуд Хан районунда жайгашкан Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук кызматынын имараттарына жакын жерде болду. Алгач жанкечти машине ичинде өзүн жардырып, аны атышуулар коштоду. Жардырууга жоопкерчиликти “Талибан” өзүнө алды.

Ооган Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Мухаммад Исмаил Кавуси жардыруудан соң кеминде 20 адам мерт болуп, 200 чакты киши жаракат алганын, тез жардам машинелери жарадарларды шаардагы ар кайсы ооруканаларга ташып жатканын кабарлаган. Андан көп өтпөй эле өлгөндөрдүн чаны 28ге жетип, жаракат алгандар 300дөн ашканы маалымдалды. Мерт болгондор менен жаракат алгандар арасында ооган коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери жана жайкын тургундар да бар.

Жардыруудан кийин Кабул
Жардыруудан кийин Кабул

Полиция командирлеринин бири Убайдулла Таракхаил бул эң катуу жардыруу болгонун, үрөй учурган мындай жардырууну мурда-кийин учуратпаганын айтат. Ал жардыруудан кийин 20 мүнөттөй айлана-тегерек капкара түтүнгө чулганып, эч нерсе көрүнбөй будуң-чаң түшүп калганын кошумчалады. Жардыруудан жакын турган ондогон турак үйлөр, дүкөндөр жана өкмөттүк имараттар да катуу жабыркады. Жардыруу болгон жерден бир канча жүз метр нарыда президенттик аксарай жайгашкан.

Ооганстандын Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Садык Садыки “Азаттыктын” ооган кызматына бул чабуул талиптердин жеңилип баратканынын белгиси деп айтты:

- Талибдер минтип жанкечтилик менен машине жардыруусу алардын жеңилип баратканынын далили болду. Айрыкча Кундуз, Тахар, Бадахшан жана Жаузжан провинцияларындагы соңку кагылыштарда алар жеңилип, чегинүүгө аргасыз болду. Ооган күчтөрү менен болгон соңку 24 саат ичиндеги бул кагылыштарда талибдер көптөгөн жоготууларга учурады. Буга чыдабай кетип эми Кабулда теракт жасап отурат. Бул алардын жеңилип баратканынын айкын белгиси.

Жардыруудан жаракат алган баланы көтөрүп баратышат
Жардыруудан жаракат алган баланы көтөрүп баратышат

Ооган президенти Ашраф Гани окуяны “террордук кол салуу” деп атап, мындай чабуул ооган бийлигинин терроризмге каршы күрөшүн майтара албасын билдирди.

Талибдер ушул айдын башында Ооганстанда “жазгы чабуулдарды” баштаганын жарыялап, аны 15-апрелде Тажикстан менен чектеш Кундуз провинциясында баштаган. Жүздөгөн талиб согушкерлери катышкан бул чабуулдарга өкмөттүк күчтөр каршы турууда.

Кундуздун полициясынын 18-апрелдеги маалыматы боюнча, аймактагы соңку кагылышууда 49 талип өлүп, 61и жарадар болгон. Өкмөттүк күчтөрдөн төрт адам окко учуп, 11и жаракат алган.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG