Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:27

Бионикалык көз - азиздерге үмүт берген табылга


Бионикалык көрүү технологиясы азиз адамдын көзүнүн чел кабыгынын нервдерине сигналдарды жиберүү аркылуу ишке ашат.
Бионикалык көрүү технологиясы азиз адамдын көзүнүн чел кабыгынын нервдерине сигналдарды жиберүү аркылуу ишке ашат.

АКШнын Түштүк Каролина штатынын көзү азиз тургунуна бионикалык көз салынды.

Бионикалык көз

АКШнын Түштүк Каролина штатынын тургуну Лерри Хестер мындай технологияны биринчилерден болуп колдонду. Ал отуз жашка чыкканда, тукум кууган илдеттин айынан эки көзү көрбөй калган. Эми 33 жылдан кийин бионикалык - жасалма көздүн жардамы менен жарык дүйнөнү көрүп отурат.

Бионикалык көрүү технологиясы азиз адамдын көзүнүн чел кабыгынын нервдерине сигналдарды жиберүү аркылуу ишке ашат. Көз айнекке орнотулган кичинекей камера жарык нурларын кармап, аларды электр сигналдарына айландыруучу компьютерге жөнөтөт. 60 электроддон турган имплантат көздүн нервдерин кызытып, мээге сигналдарды жиберет. Бирок азырынча мындай бионикалык көрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү өтө чектелүү. Адам жарык менен караңгыны гана айырмалай алат. Изилдөөчүлөр болсо бул технология дагы өнүгөрүнө терең ишенет.

Ал эми бионикалык көз менен жабдылган Ларри Хастер жылтыраган жарык нурларын сезип, кээ бир буюмдарды ажыратып, көрө баштады. Кубанычы коюнуна батпаган Ларри узак жылдар караңгылыкта жүргөн адам жарыктын маанисин билерин, жарыкты көрүү ал үчүн тоодой бакыт экенин бир катар медиага берген маегинде айтты.

Бул технологияны Second Sight Medical Products компаниясыТүндүк Каролинанын Дюк Университетинин Көз Борбору менен бирдикте иштеп чыккан.

Универсалдуу аба тазалагыч

Британиянын чаң сордургучтарды чыгарган ири компанияларынын бири "Дайсон" үйдүн ичиндеги абаны нымдап, тазалап, ден соолукка пайдалуу жана ыңгайлуу кыла турган жаңы технологиясын сунуштады.

Акыркы учурда абаны нымдатуучу технологиялардын түрү чыгууда. Бирок алардын жалпы эки маселеси бар. Биринчиси - бөлмөнүн ичиндеги абаны толук нымдай албайт. Ал эми "Дайсон" чыгарган жаңы аба нымдаткыч ичиндеги желдеткич аркылуу сууну алыс бүркүп, бөлмөнүн бардын булуң-бурчтарындагы абаны нымдай алат. Экинчиси - ден соолук маселеси. “Аба нымдаткычтар негизинен аллергия, сасык тумоо сыяктуу оорулар менен күрөшүүдө колдонулса дагы көп учурда тескери таасири дагы бар. Анткени нымдуу аба ичиндеги бактериялардын көбөйүшүнө шарт түзөт” дейт аталган компаниянын негиздөөчүсү Жеймс Дайсон. Ал эми жаңы чыгарылып жаткан технология суунун ар бир тамчысына ультракөгүлтүр жарык нурларын берүү аркылуу абадагы бактериялардын 99% адамдын өпкөсүнө жеткирбей жок кылат.

Мындай чаң соргучка үч литр суу батып, 18 саатка чейин токтобой иштей алат. Жайкысын кадимки аба салкындаткыч катары колдонсо болот. Муну иштеп чыгуу үчүн "Дайсон" компаниясы 60 миллион доллар сарптап, анын 643 үлгүсүн жасаган. Алгачкылардан болуп жакында Жапонияда сатыкка түшөрүн "Вайерд" журналы жазып чыкты.

"Кыймылдуу отургуч"

Мындан бир жыл мурда бир орунда кыймылдабай отура берүүнүн зыяны чылым чегүү менен барабар экендигин медиа-каражаттары биринен сала бири жарыя кыла баштаган. «Илим тастыктагандай, аз кыймылдоо жүрөк ооруларына, кант диабети жана рак ооруларына себеп болот» деп жазат "Вайерд" журналы.

Азыркы замандын талабына ылайык, көптөр жумуш орундарына коюлган компьютердин маңдайында эртеден-кечке жылбай отурат. Компьютерде иштеп жатканда чычканды башкарган колубузду жана сөөмөйдү көп кыймылдатабыз. Дизайнер-ойлоп табуучу Говерт Флинт мындай кыймылды аткарууда денени толук кыймылдатса болобу дегендин үстүндө ойлонуп отуруп, “кыймылдуу отургучту” чыгарды. Кыймылдуу отургучка отурган адам компьютерде иштөө үчүн денесинин бардык бөлүктөрүн кыймылдатканга туура келет. Мисалы, комьютердин экранындагы узун текстти жылдырып окуу үчүн тулку-бойду жылдырыш керек, кандайдыр бир документти ачуу үчүн оң бутту кыймылдатуу зарыл.

Адамдын кандай кыймылы кайсы ишти аткарууда эффективдүү экенин билүү үчүн дизайнер Роттердамдагы Скапино Балетине байкоо жүргүзгөн.

«Кыймылдуу отургучту» толук иштеп чыгып, сатыкка чыгаруу үчүн дагы далай эмгек талап кылынат. Бирок мындай отургучтун пайда болушу сергек жашоо чөйрөсүндөгү чоң жана маанилүү кабар.

  • 16x9 Image

    Гүлжан Исраил кызы

    "Азаттыктын" кабарчысы. Борбор Азиядагы Америка университетинин маданий антропология бөлүмүн бүтүргөн. Учурда АКШнын Денвер шаарында санарип дизайнерликти окуйт. 

XS
SM
MD
LG