Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:11

Сирия ЕАЭБга кошулгусу келет


Тынымсыз согуштардан улам Сириянын экономикасы толук жабыркады
Тынымсыз согуштардан улам Сириянын экономикасы толук жабыркады

Орусия Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭС каскадын курууга дагы 1 миллиард рубль берди деп жазат “РИА Новости” интернет басылмасы.

Орусия менен Жогорку Нарын каскадында төрт ГЭСти куруу боюнча келишимге Кыргызстан 2012-жылы кол койгон. Анда Ак-Булуң, Нарын-1, Нарын-2 жана Нарын-3 ГЭСтери жөнүндө сөз болгон. Долбоорду толугу менен орус тарап каржылап, “Русгидро” ишканасы курууда.

Биринчи ГЭС 2016-жылы, акыркысы 2019-жылы курулуп бүтөт деп пландалган. Бирок каражат толук бөлүнбөгөнүнөн улам курулуш иштери токтоп калганын айрым маалымат булактары жазышкан.

Мурунтан Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтерди курууга толугу менен 24 миллиард рубль кетет деп бааланса да, Орусия курулушка 2 миллиард рубль гана бөлгөн. Орусия менен бирге курулганы жаткан ГЭСтер каскадына жер берүү милдеттенмесин алган Кыргызстан убада кылынган 3030 гектардын 554үн гана берген деп жазат “РИА Новости”.

Казакстандын Дүйнөлүк соода уюмуна кабыл алынышы Евразия экономикалык биримдигине жаңы көйгөйлөрдү алып келерин жазат “Ведомости” басылмасы.

Астана Дүйнөлүк соода уюмунун шартына ылайык, импорттук товарларга бажы тарифтерин ылдыйлатууга жана чет элдик инвесторлор үчүн бизнес чөйрөнү жакшыртууга макулдук берди. Эми импорттук товарлар Казакстан аркылуу аз бажы акы менен өткөрүлүп, Евразия экономикалык биримдикке кирген өлкөлөргө таркайт деген коркунучу бар экени айтылат макалада.

Евразия биримдигинде бажы чек аралары болбогондуктан, реэкспорт көйгөйү жаралууда. Бул жергиликтүү ишканаларга жана рынокторго терс таасирин тийгизиши мүмкүн деп божомолдонот макалада. Казакстан Дүйнөлүк соода уюмуна кирүү үчүн 19 жыл сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Сирия Евразия экономикалык биримдигине кошулууга умтулууда дейт “Взгляд” басылмасы. Сирия Евразия экономикалык биримдигинин алкагында Орусия менен эркин соода аймагын түзүүгө ниетин былтыр октябрда эле жарыялаган. "Эми биримдикке толук кандуу мүчө болуу жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрүп жатат" деп айтылат макалада.

Тынымсыз согуштардан экономикасы толук жабыркаган Сирияга Евразия биримдиги чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат, ал эми биримдиктеги өлкөлөр үчүн Сирия менен чек аралардын ачылышы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун кирүү коркунучун күчөтөт деп айтылат макалада. Сириянын биримдикке кошулуусун Орусия колдогону менен, биримдиктин калган мүчөлөрү муну кандай кабыл алат деген суроо көтөрүлөт макалада.

Анткен менен Орусия Сирияга гуманитардык жардам көрсөтүп, эл аралык саясий чөйрөдө шериктеш болуп келет. 2014-жылы орус өкмөтү Сирияга 240 миллион евро каражатты өлкөнүн социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө берип, анын ичинен 46 миллион евро Сириянын өкмөтүнө ыйгарылган.

"Орусиянын Сирияга жакындашуусунун себеби - Сириянын Батышка ачык каршы чыгышы" деп айтылат макалада. Андан сырткары Дамаск Орусиянын согуштук курал-жарактарын сатып алган негизги кардар. Ошондой эле Сирияда байыркы православ чиркөөсү жайгашып, бир миллионго жакын христиан эли жашары макалада айтылат.

Борбор Азия өлкөлөрүндө суу ташкындоо жана сел жүрүү коркунучтарын алдын алуу боюнча атайын система жок деп жазат “Евразиянет” басылмасы.

Өткөн жумада Тажикстандагы күндүн кескин ысышынан тоолордогу кар менен мөңгүлөр ээрип, сел жүрүп, ондогон үйлөр жабыркап, 12 адамдын өмүрү кыйылды деп айтылат макалада. Суу ташкыны менен селден жабыркаган энергетикалык, транспорттук жана социалдык инфраструктуранын чыгымы Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча 100 миллион долларды түзгөн.

Абал эң оор Тоолуу Бадахшан автономдук облусунда суу ташкындан миңден ашуун жаран үй-жайсыз калгандыгы белгиленет. Күндүн кескин ысышынан Кыргызстанда да бир катар суу ташкындоолору болгону айтылат макалада. Баткен облусундагы Сох өзөнү ташып, жүгөрү менен күрүч талааларына зыян келтирсе, Чуй облусундагы Аламүдүн, Ала-Арча, Ысык-Ата жана Нооруз сууларын кирип, суу каптоо коркунучу жаралган.

Тажикстан, Кыргызстандай эле Казакстан да суу ташкындан зыян тарткан деп кошумчаланат. Алматы шаарына жакын көл өз нугунан чыгып, шаардын Ноорузбай районунда сел жүргөн. Анткен менен Казакстан кошуналарына караганда каржылык жактан көз карандысыз болгондуктан, кырсыкка кабылган районго 1200 куткаруучу, 160 унаа жана 3 учак дароо жөнөтүлгөндүгү белгиленет.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG