Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:46

Немцовду эскерүү жүрүшүнө миңдеген адам катышты


Маркум Борис Немцовду эскерүү жүрүшүнө чыккандар. Москва, 1-март, 2015-жыл.
Маркум Борис Немцовду эскерүү жүрүшүнө чыккандар. Москва, 1-март, 2015-жыл.

Орусияда оппозициячыл саясатчы, маркум Борис Немцовду эскерүү жүрүштөрү өттү. Саясатчыны белгисиз адам Москванын чок ортосунда 27-февраль түнү атып кеткен эле.

Немцовду эскерүү жыйындары Орусия менен катар Украинада, Польшада да уюштурулду.

Москвада жүрүшкө чыккан миңдеген демонстранттар маркум Борис Немцовдун сүрөттөрү менен кошо Орусиянын желектерин, “Сөз жок, Борис, сеники туура болчу”, “Ал Орусиянын келечеги үчүн курман болду”, “Ал эркин Орусия үчүн күрөшкөн”, “Баатырлар өлбөйт”, “Бул октор биздин ар бирибизге тийди”, “Унутпайбыз да, кечирбейбиз!” деген ураандарды көтөрүп, “Согушка жол жок”, “Путинсиз Орусия” деп да кыйкырышты.

Уюштуруучулардын айтымында, Москвадагы жүрүшкө 70 миңдей адам катышты, бирок милициянын эсебинде, демонстранттар саны 21 миңдин тегерегинде болду. Байкоочулар Москвада кеминде 50 миңден ашуун адам чогулганын айтышууда.

Ал эми Санкт-Петербургдагы эскерүү жүрүшүнө, орус маалымат агенттиктери кабарлагандай, алты миңдей адам чыкты. Немцовду эскерүү демонстрациялары Екатеринбург, Казань жана башка шаарларда да өттү. Маркумду Украинанын борбору Киевде, Харьковдо, Польшанын борбору Варшавада да эскеришти.

Москвадагы демонстрацияда Кремлдин жанындагы чоң көпүрөгө, Борис Немцов атылган жерге гүл коюп, шам жагуу үчүн миңдеген адамдар келип жатты. Орусия борборунун Большой Москворецк көпүрөсү иш жүзүндө маркум саясатчынын монументине айланып калды. Аза күтүү жүрүшүнө чыккандар да акциясын ушул көпүрөнүн аягына барып бүтүрүштү.

Орус өкмөт башчысынын мурдагы орун басары, акыркы 7-8 жылдан Кремлдин айныксыз сынчысына айланган Немцовду азырынча белгисиз адам, 27-февралдын түнү дал ошол көпүрөнүн четинде атып кеткен эле.

Жекшемби күнкү жүрүштүн уюштуруучуларынын бири, Орусиянын мурдагы премьери Михаил Касьянов Немцов атылган жерде сүйлөп жатып, буларга токтолду:

- Борис кабылган нерсе Жаңы Орусиянын тарыхындагы бурулуш учур. Мен өзгөрүүлөрдөн качууга болбойт, ал келет деген ишенимдемин. Бористин трагедиялык өлүмү көп адамдардын аң- сезимин толугу менен өзгөртөт. Алар эми айланада болуп жаткандарга мага тиешеси жок деген кыязда көз жумбастан, башкача ойлонууга өтүшөт.

Москва: Немцовду эскерүү жүрүшү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:48 0:00

Орусия президенти Владимир Путин окуяны “чагым” деп атады жана Немцовдун апасына жолдогон көңүл айтуу телеграммасында кылмышкерлер табылып, жазаланарын убада кылды.

Саясатчынын өлүмүн иликтөө милдети жүктөлгөн Орусиянын Тергөө комитети кылмыштын бир нече версиясын караштырууда.

Биринчиси - Немцов Орусиядагы кырдаалды дестабилдештирүү максатында өлтүрүлүшү мүмкүн. Экинчиси - ал радикалык исламчылардын курмандыгы болуп калышы ыктымал. Анткени Орусиянын Тергөө комитетинин расмий өкүлү Владимир Маркиндин айтымында, саясатчы франциялык “Шарли Эбдо” журналына жасалган кол салуу боюнча турумунан улам коркутууларга кириптер болгон.

Үчүнчүсү - кылмыш Украинадагы жаңжал, төртүнчүсү - маркумдун бизнес кызыкчылыктары, жеке турмушуна байланыштуу да болушу мүмкүн.

Тергөө комитетинин өкүлү Владимир Маркин жекшембиде кабарлагандай, азыр күбөлөр суралып жатат:

- Борис Немцов менен Большой Москворецк көпүрөсүндө бирге бара жаткан кыздан тышкары, бул кылмыштын башка күбөлөрү да бар, алар учурда зарыл көрсөтмөлөрдү беришүүдө. Азыр адистер кылмышка чейин жана андан кийин ошол кылмыш жасалган жерге байланышкан телефон чалуулардын баарын деталдаштыруу үстүндө да иштеп жатышат.

Украин президенти Петро Порошенконун ырастоосунда, Немцов эки аптача мурда ага Орусиянын Украинадагы жаңжалга катышы боюнча далилдерди жарыялоону пландап жатканын маалымдаган.

Борис Немцовдун адвокаты Прохоровдун пикиринде, окту ким чыгарганына карабай, ал "Орусиядагы саясий режимдин курмандыгы болду". Вадим Прохоров жекшемби күнү кабарчыларга буларды айтты:

- Мен кылмыштын турмуш-тиричиликке байланышкан версиясын толугу менен четке кагам. Борис Немцовдун турмуш-тиричиликке байланышкан чатактары жок болчу. Аны өлтүрүү абдан кесипкөйлүк менен ишке ашырылган. Ал коммерция менен алектенген эмес, бул да толугу менен четке кагылат.

Немцовдун өлтүрүлүшүн дүйнө лидерлери, БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун кескин айыптады.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG