Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Жамаланын ыры Москванын безине тийди


Жамала 1983-жылы Кыргызстанда төрөлүп, кийин үй-бүлөсү менен Крымга көчүп кеткен.
Жамала 1983-жылы Кыргызстанда төрөлүп, кийин үй-бүлөсү менен Крымга көчүп кеткен.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (22-29-февраль).

"Крым татарлары Сталиндин буйругу менен Борбор Азияга көчүрүлгөнүн унута элек. Украинанын атынан «Евровидение» сынагына жолдомо алган Жамаланын «1944» аттуу ырында дал ушул депортация болгондордун кайгы-муңу баяндалат. Бирок ыр Кремлдин безине тийип, катуу сынга кабылды", - деп жазат Британиянын The Times басылмасы.

"Орусиянын айрым саясатчылары "Жамала бул ырды Кремлди каралоо үчүн атайын тандаган" деп, аны сынактан четтетүүнү талап кылууда. Крымдын вице-премьер-министри Руслан Балбек да крым татарларынын трагедиясын Украина Европага жалган маанайда берет" деп нааразы болгонун жазды The Times.

Жамала болсо ырда эч кандай саясат жоктугун, жөн гана чо­ң апасы Назылхандын муңун чыгармага айлантканын билдирген. «Ар бир татардын ичинде муң бар. Бул теманы бекеринен тандаган эмесмин», - дейт ырчы.

Эскерте кетсек, Жамала 1983-жылы Кыргызстанда төрөлүп, кийин үй-бүлөсү менен Крымга көчүп кеткен.

Apple Билл Гейтстин сынына кабылды

Кошмо Штаттарынын федералдык чалгын кызматы Apple компаниясынан Сан-Бернардино атышуусунда террорчулукка шектелген адамдардын телефонундагы сыр сөздөрдү берүүнү суранып, бул өтүнүч аткарылган эмес. Apple өз кардарларынын жеке маалыматын таркатпайбыз дегени менен анын бул кылганын Билл Гейтс баштаган компьютер адистери сындап чыкты.

"Майкрософттун" негиздөөчүсү Билл Гейтс Financial Times журналына берген интервьюда "технологдор террорчулук менен күрөшүүдө мамлекеттик коопсуздук органдары менен кызматташууга милдеттүү" деп айтты. Бирок Apple компаниясы жана аны жактоочулары Федералдык чалгын кызматына iPhone ээсинин сыр сөзүн берүү бир ирет ишке ашса, анда бардык колдонуучулардын сыр сөзүнүн коопсуздугу коркунучта деген көз карашта" деп жазды Newsweek.

АКШнын чалгын кызматы 1977-жылдагы өлкөнүн телефон колдонуучулар боюнча мыйзамына таянып, террорчулукка шектүүлөрдүн гана маалыматын талап кылган. Мыйзамда кылмышка шектүүлөрдүн телефон сүйлөшүүсүн мамлекеттик органдарга жашыруун тыңдоого уруксаты берилет.

Иран: бир айылдын эркектери өлүм жазасына тартылды

Дүйнөлүк басылмада Ирандын Систан – Балучистан провинциясында бүтүндөй бир кыштактын эркектери маңзат соодасына аралашкан деген айып менен өлүм жазасына тартылганы тууралуу маалымат таркады.

The Guardian гезитинин бул тууралуу баяндаган макаласы узаган аптада эң көп окулгандар тизмесине кирген. Укук коргоочу Шахиндохт Молаверди Ирандын Mehr аттуу агенттигине: «Провинция өлкөнүн эң кедей аймактарынын бири. Маңзат соодасынан башка киреше булагы жок. Эми өлүм жазасына тартылган эркектердин балдары бийликтен өч алабыз десе, калаба чыгып кетеби деп чочулайбыз. Хасан Роуханинин бийлиги өлүм жазасына тартылгандардын үй-бүлөсүнө социалдык жардам берүүнү жандантты. Дал ушул программа элди кылмыштан сактарына ишенебиз», - деген.

Amnesty International уюмунун маалыматына караганда, Иранда 2014-жылы 753 киши дарга асылган. Алардын жарымы маңзат соодасы менен кармалгандар.

Жапониянын калкы азаюуда

The Washington Post гезитинин аналитиги Адам Тейлор Жапониядагы демография тууралуу жазды.

"Калктын азайып баратканын жапон расмийлери да моюнга алат. Маселен, 2010-жылы 128 миллион жапон жараны болсо, 2015-жылы 127 миллион 110 миңди түзгөн. Беш жыл ичинде мындай кескин азаюунун себеби төрөлүүнүн аздыгына байланыштуу. 65 жаштан улуу адамдардын саны барган сайын көбөйүүдө. Калкы картайып бараткан башка мамлекеттер көйгөйүн башка жактан келгендер аркылуу чечсе, Жапонияда миграция саясаты катаал. Азыр жапон калкынын дээрлик төрттөн үч бөлүгүн улгая баштагандар түзөт. Өкмөт башчысы Синдзо Абе калктын санын 100 миллиондон түшүрбөй туруу башкы максаттардан" деп билдиргенин The Washington Post гезити жазды.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG