Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:12

Пхеньян атомдук реакторун жандантат


Түндүк Корея: Ялуцзян дарыясынын ортосундагы чек ара бекетинде турган аскер.
Түндүк Корея: Ялуцзян дарыясынын ортосундагы чек ара бекетинде турган аскер.

Түндүк Кореянын Йонгбьон атомдук реакторун кайра ишке киргизээрин жарыялашы Батыш менен тирешүүнү жаңы деңгээлге чыгаргандай.

Корей жарым аралындагы чыңалуу бир нече аптадан бери уланууда. Буга чейин Түндүк Корея түштүктөгү коңшусу менен жарашуу келишиминен чыкканын жана чукул байланышты үзгөнүн, "согуштук абалга" киргенин жарыялады. Кийин ракеталары АКШ аймагын бутага алганын эскертти.

Пхеньяндын мындай риторикасына көнгөн Батыш жана жалпы эле эл аралык коомчулук, арийне Йонгбьондогу атомдук реактордун ишке киргизилиши тууралуу жарыяны кооптонуу менен кабыл алгансыды.

"БУУнун баш катчысы катары урушту алдын алуу жана тынчтыкты бекемдөө менин вазийпам. Азыркы кризис тереңдеп кеткенин моюнга алуу да менин милдетим. Атомдук коркутуп-үркүтүүлөр – оюн эмес. Агрессивдүү риторика, аскерий күч колдонуу жөнүндө эскертүүлөр каршы тараптын жообун жаратып, бейстабилдүүлүккө алып келүүдө", - деди БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун.

Йонгбьон атомдук реактору
Йонгбьон атомдук реактору
Ядролук маселелер боюнча адистер Түндүк Кореянын алты-сегиз атомдук куралы бар деп боолголошот. Алар СССР убагында курулган Йонгбьон реакторунда алынган плутоний менен дүрмөттөлгөн. Реактор куралсыздануу боюнча келишимдин алкагында жабылган. Ал үчүн Батыш Түндүк Кореяга гуманитардык жардам берген.

Бирок кийин АКШ Пхеньян плутоний бөлүп алууну толугу менен токтоткон жок жана уран байыткан жашыруун жайды куруп жатат деп шектенип, макулдашуу үзгүлтүккө учураган.

Англиядагы Брэдфорд университетинин илимий изилдөөчүсү Пол Рожерстин айтымында, Пхеньян ушул февралда кандай бомбаны сынаганы белгисиз. Ал тымызын байытылган уран менен дүрмөттөлгөн болушу керек деген божомолдор айтылууда.

"Байытылган урандан кайсы бир деңгээлде "чийки" курал алынат. Андыктан ядролук реакторду ишке киргизүү өтө маанилүү чечим. Түндүк Корея учурда кубаттуу жана колдонууда эффективдүү ядролук арсенал курууну көздөйт".

Плутоний бомбалары байытылган урандан жасалган бомбага караганда бир топ кубаттуу жана көлөмү кичине. Түндүк Кореянын ракета чыгаруу жана сыноо боюнча активдүү программасы болгону менен азырынча ядролук куралдарды учак менен ташуудан башка аргасы жоктугу айтылып жүрөт.

Бирок Пхеньян реактордун ишин кайра качан баштаары белгисиз. Ядролук маселелер боюнча швециялык эксперт Шэнон Кайл реактордун макулдашууга ылайык демонтаждалганын эске салат:

Президент Ким Йонг Ил армиялык даярдыктарды көрүүдө
Президент Ким Йонг Ил армиялык даярдыктарды көрүүдө
- Мен буга скептикалык көз караштамын. Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин өкүлдөрү ал жакка 2009-жылы барып кетишкенде жалаң урандылар калганын айтып келишкен. 2008-жылы муздатуучу мунара жардырылган жана бүтүндөй комплекс, плутоний бөлүп чыгарган реактор талкаланган. Алардын калыбына келтирилиши күмөндүү.

Кайл Йонгбьондогу башка, маселен, плутонийди бөлүп алган ишкана же жаңы суу реактору ишке кирип жүрбөсүн дейт.

Окумуштуу ошондой эле Пхеньян чакан, баллистикалык ракеталар ташый ала турган уран менен дүрмөттөлгөн курал чыгарууга көбүрөөк көңүл бурушу мүмкүндүгүн айтат.

Аны менен бирге аналитиктер азыркы кризистин мотивдери жөнүндө да ой жүгүртүп жаткан кез. Кээ бирлер Түндүк Корея БУУнун соңку санкцияларына кыжалат болду дешсе, башкалары өлкөнүн жаш лидери Ким Йонг Ил аскердик элитанын колдоосуна ээ болууну көздөөрүн айтышууда.

Атомдук иш-аракеттерин жандандыруу жарыясы менен Пхеньян бийлиги кайрадан гуманитардык жардам алууну көздөөдө деген ырастоолор да жок эмес. Кубаттуу куралдуу күчтөрү менен белгилүү Түндүк Корея дүйнөдөгү эң жакыр мамлекеттердин арасына кирет жана узактан бери БУУдан азык-түлүк жагынан жардам алып келет.

XS
SM
MD
LG