Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

АКШ "Мемориалды" жабуу демилгесине камтама


Буга чейин Москвадагы "Мемориал" укук коргоо борборунун имаратына белгисиз бирөөлөр "Чет элдик агент! Мен АКШны сүйөм!" деп жазып кетишкен.
Буга чейин Москвадагы "Мемориал" укук коргоо борборунун имаратына белгисиз бирөөлөр "Чет элдик агент! Мен АКШны сүйөм!" деп жазып кетишкен.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Орусияда өкмөттүн өлкөдөгү эң эски жана белгилүү укук коргоо уюму – “Мемориалдын” ишмердигин токтотуу аракетине тынчсыздануусун билдирди.

Орус Юстиция министрлигинин аталган уюмду жабуу боюнча доо арызын Жогорку сот 13-ноябрда караганы жатат. Орусиянын Юстиция министрлиги Жогорку сотко өлкө боюнча элүүдөй майда уюмдардын башын бириктирген, анын ичинде белгилүү укук коргоо борборун да камтыган “Мемориалдын» ишмердигин токтотуу боюнча доо арызды 10-октябрда жолдогон. Бирок мунун себептери коомчулукка ачыкталган эмес.

“Мемориалдын» жетекчилиги болсо, орус бийликтери бул бирикмени анын уюштуруу структурасынан улам жабууну көздөп жатат деп болжоодо.

АКШ Мамлекеттик департаментинин ысымы жашыруусун каалуусун каалаган жогорку даражалуу өкүлү «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кабарчысы менен маегинде, Вашингтон «Мемориал» уюмун ал адам укуктарын бузуу фактыларын иликтеп жана жоопкерчилик түшүнүгүн жайылтууну колдоп, жазасыздыкка каршы күрөшүп келгени үчүн урматтарын белгиледи.

“Мемориалды” жабуу аракеттерине Европарламент да камтамачылык билдирүүдө. Европарламенттин төрагасы Мартин Шульц Брюсселде кабарчылар менен маегинде:

- Мен бүгүн Орусия Федерациясынын элчилиги менен дагы бир жолу байланышып, юстиция министри Александр Коноваловго түз чыгып, биздин өнөктөшүбүз, Европарламент менен тыгыз кызматташтыкта иш жүргүзүп келген «Мемориал» коомдук уюмуна тийишпөөлөрүн суранам. Бизге Сахаров атындагы сыйлыкты негиздеп берген адам-Андрей Сахаровдун баардык мурасы Москвадагы "Мемориал" уюмунун көзөмөлүндө жана биз бул уюмду бир нече жылдан бери колдоп келебиз. Эми бул уюмду орус өкмөтү жабуу алдында турат жана бул нерсе менен биз таптакыр келише албайбыз , -деп билдирди.

“Мемориал» 1989 -жылы Нобел сыйлыгынын лауреаты, айтылуу Андрей Сахаровдун демилгеси менен негизделип, коммунисттик доордогу репрессияларды ачыктоо жана азыркы Орусиядагы дискриминациялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү аракеттеринин башында турган.

"Мемориал" укук коргоо борборунун башчысы Олег Орлов
"Мемориал" укук коргоо борборунун башчысы Олег Орлов

Уюмдун Адам укуктары боюнча борборунун жетекчиси Олег Орловдун пикиринде, бийликтин адегенде “Орусия Мемориал коомуна” чабуул жасоосу бара-бара уюмдун башка бөлүктөрүнө кысым көргөзүлөт дегенди билдирет.

АКШнын дүйнө боюнча адам укуктарынын абалына көз салган өкмөттүк агенттигиндеги Хельсинки комиссиясы 16- октябрдагы билдирүүсүндө «Мемориалды" жоюу аракети Орусиянын өз абийиринин добушун өчүрүү аракети болот" деп баалады.

Хельсинки комиссиясынын жетекчиси, америкалык сенатор Бен Кардин "Андрей Сахаров Сталин доорундагы кылмыштарды иликтөө үчүн негиздеген уюм эми өзү жаңы доордогу репрессиялардын бутасында калып жатышы абдан өкүнүчтүү" деп билдирген.

"Мемориалдын" төрагасы, мурдагы советтик ГУЛАГтын туткуну Арсений Рогинскийдин айтымында, эгер Жогорку сот «Мемориалды» жапса, бул анын баардык мүчөлөрү да ишин токтотот дегенди туюндурбайт.

Рогинский мындай шартта алар кайрадан катталуунун, биригүүнүн жолдорун издешерин белгиледи.

Орусияда былтыр бейөкмөт уюмдарга “чет элдик агент” макамын ыйгарган талаштуу мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзамдын негизинде ушул жылдын башында четтен каржыланат делген уюмдардын "кара тизмеси" Юстиция министрлиги тарабынан түзүлүп, ага "Мемориал" менен кошо дагы ондогон уюмдар киргизилген.

XS
SM
MD
LG