Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:23

Дүйнө он жылда 600 миллион жаңы иш орунга муктаж


Эл аралык Эмгек уюму жаңы иш орундары реалдуу экономикада түзүлүүсү керек деп эсептейт.
Эл аралык Эмгек уюму жаңы иш орундары реалдуу экономикада түзүлүүсү керек деп эсептейт.

Дүйнө экономикада туруктуу өсүштү жаратуу жана социалдык биримдикти камсыздоо үчүн алдыдагы он жылда 600 миллион жумушчу орунду токтоосуз түрдө түзүүгө муктаж.

Мындай тыянак эл аралык Эмгек уюмунун жаңы баяндамасында айтылат. Жөн эле эмес, жакшыраак төлөнгөн иш орундарын жаратуу - Кыргызстан үчүн да учурдун актуалдуу маселеси.

Баяндамада көрсөтүлгөндөй, эмгек базарында үч жылдан бери туруктуу уланып келген кризистен улам азыр да дүйнөдө 200 миллион киши жумушсуз бойдон калууда.

Ошол эле учурда жумушчу күчү жылына 40 миллионго өсүп жаткандыгын эске алганда, алардын муктаждыгын канааттандыруу үчүн алдыдагы он жыл ичинде кеминде жаңы 400 миллион жумушчу орун түзүү талап кылынат.

Эмгек базарына жаңыдан келип жаткандарды жана азыр жумушсуздарды кошкондо алдыдагы он жылдын муктаждыгы 600 миллионго чыгып кетүүдө.

Жумушсуздар көбөйүшү күтүлөт

Эл аралык Эмгек уюмунун баяндамасынын авторлорунун бири Экхард Эрнст “Азаттык” үналгысына буларды айтты:

- Биз бул жана алдыдагы эки-үч жыл үчүн көрүп жаткан нерсе – жумушсуздук боюнча глобалдык кырдаалдын начарлашы. Өзгөчө Улуттук дүң өндүрүштөрдүн төмөндөөсү таасири астында, өнүккөн экономикаларда жумушсуздук көрсөткүчү өсөт. Биз ошондой эле соңку кездери байкаган көрүнүш - иштөө шарттарынын начарлаганы. Иштегени менен жакырчылыкта жашагандардын глобалдык көрсөткүчүнүн төмөндөөсү уланган жок. Алар тогуз жүз миллион адамдын тегерегинде турууда. Эгер глобалдык экономикалык кырдаал начарлап кетсе, бул дагы көбөйүшү мүмкүн.

Ирак - жумуш күткөндөр
Ирак - жумуш күткөндөр
Эл аралык Эмгек уюмунун өкүлү атаган 900 миллион иштөөчү, бул уюмдун эсебинде, үй-бүлөсү менен күнүнө эки доллардан аз каражатка жашагандар. Алар негизинен өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн тургундары.

Эл аралык Эмгек уюму баяндамасында иш орундарынын жакынкы келечеги боюнча үч божомол жасаган.

Биринчиси боюнча жумушсуздар саны быйыл дагы үч миллионго көбөйүү менен 2016-жылга карата 206 миллионго чыгат.

Экинчиси боюнча эгер глобалдык экономиканын өсүш ыргагы кокус 2 пайыздан төмөн болсо, быйыл жумушсуздар 204 миллионду түзөт.

Үчүнчүсү мындан жакшыраак божомол, эгер евроаймактагы карыз кризиси тез жөндөлсө, глобалдык жумушсуздуктун көрсөткүчү быйыл былтыркыдан 1 миллионго аз болот.

Иштейин десе, айлык аз

Жумушсуз жарандар үчүн айрым иш орундары болгону менен сунуш кылынган бир айлык эмгек акыны бөлө келгенде, күнүнө 130 сомдон, же эки жарым доллардын тегерегинде тийиши, Кыргызстандын эмгек, жаштар жана ишке жайгаштыруу министри Алиясбек Алымкуловдун айтымында, миңдеген жарандардын, өзгөчө жаштардын эмгек мигранты катары четте жүрүшүн шарттоодо:

- Бизде мектепти жылына 100 миңге жакын окуучу бүтөт. Андан тышкары 25 миңдей улан-кыз жогорку окуу жайын аяктайт. Жылына жумуш сурап (ишке жайгаштыруу мекемелерине) 270-290 миңге чейин адам кайрылат. Биз сунуш кылган жумуш орундар көпчүлүктү канааттандырбайт, анткени айлык акы төмөн. Айына төрт миң сом айлык сунуш кылган жумушчу орундар көп эле болгону менен ал бүгүнкү күндөгү талапты, көбүнчө жаштарды канааттандырбайт экен. Алар көбүрөөк акча тапкысы келип жатат.

Эмгек уюмунун баяндамасында Борбор Азия өлкөлөрүндөгү кырдаал Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Европа жана КМШ мамлекеттер тобунда чогуу каралган.

Анда аталган аймактардагы өлкөлөрдө 2011-жылы жумушсуздук көрсөткүчү жогору болгондугу, 2012-жылы деле чоң өзгөрүү күтүлбөстүгү көрсөтүлөт. Баяндама авторлорунун бири Экхард Эрнст мындай дейт:

- Соңку жылдары кырдаал жакшырган. Бирок азыр экономикалык кырдаалдын начарлашынын таасирин эске алганда, биз жумушсуздук көрсөткүчү кийинки эки жылда кайра жогорулай турганын күтүп жатабыз.

Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Европанын Евробиримдикке мүчө эмес мамлекеттеринде жана КМШда былтыр жумушсуздук 7,2% барабар болгон. Бул экономикалары кризиске кабылган өнүккөн өлкөлөрдөгү көрсөткүчкө барабар.

Ал эми жаштар арасындагы жумушсуздук 17% ашкан. Дегеле жаштар учурда жумушсуздуктан эң көп жабыр тарткан катмар.

Эмгек уюмунун баяндамасында келтирилген маалымат боюнча былтыр жумушсуз жүргөн 200 миллиондой кишинин 30% ашууну же 74,8 миллиону 15-24 жаш курактагылар экен.

Кайра каралган божомол

Аталган уюмдун баш директору Хуан Сомавиянын пикиринде, өкмөттөрдүн аракеттерине карабай, эмгек базарындагы кризис басаңдабай жатат. Андыктан иш орундарын реалдуу экономикада жаратуу артыкчылык берилген маселе болушу керек. Бирок бул реалдуу экономикадагы өсүшсүз мүмкүн.

Эл аралык валюта кору бул аптада кайра каралган жаңы божомолун жарыялады. Ага ылайык, быйыл дүйнөдөгү дүң өндүрүш 3,3% гана өсөт. Бул былтыр сентябрда жасалган божомолдон 0,7% төмөн дегендик.

КМШ өлкөлөрүндө да өсүш былтыркы божомолдон 0,7% ылдыйлап, быйыл 3,7% болот деп күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG