Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:40

Кыргыздар өздөрүн бактылуу сезишет


Gallup Healthways изилдөөчү уюмдун билдирүүсүнө ылайык, 150 мамлекеттин ичинен Түштүк Америка жана Европанын кээ бир өлкөлөрүнүн жашоочулары өздөрүн эң бактылуу деп эсептешет. Ал эми кыргызстандыктар алдыңкы 14 бактылуу калктын катарында.

Аталган уюм 150 өлкөнүн жашоочуларынын арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Бул изилдөөгө ылайык, жогорудагы мамлекеттердин жашоочулары максаттуу жашоо, социалдык ич ара мамиле, финансылык абал, коомдук иштерге катышуу жана ден соолук жаатында ар бир беш көрсөткүч боюнча "өнүгүп жашоо", "күрөшүп жашоо" же "кыйналып жашоо" деген жоопторун бериш керек болгон.

Сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, Панама, Коста Рика жана Пуэрто Рика алдыңкы үч "бактылуу" өлкө болуп чыккан. Биринчи ондукка Түштүк жана Борбордук Американын бир топ өлкөсү жана Европадагы үч мамлекет (Швейцария, Дания жана Австрия) кирген.

Андан сырткары Кыргызстандын жашоочулары бактылуулук боюнча 14-орунду ээлесе, кошуна Казакстан 61-орунду, Орусия 49-орунду ээлеген.

Ошондой эле Ооганстан, Бутан жана Камерундун жашоочулары өздөрүн эң кыйналып жашаган калк катары эсептегени белгилүү болду.

Пластик аскер кемелер

Нью-Йорк шаарынын окумуштуулары Deep Spring Technology компаниясы менен бирге аскер кемелерге жана унаанын тетиктерине колдонулуучу темирдин ордуна жаңы жеңил пластик материал ойлоп тапканы белгилүү болду.

Бул металл пенопласттары жеңил болгондуктан сууга чөкпөйт, андыктан аскердик кемелерге абдан ыңгайлуу. Андан сырткары бул материалдан жасалган суу үстүндөгү кемелер тез ылдамдык менен жүрө алат.

Эксперттердин айтымында, келечекте АКШ армиясы бул металл аралашкан пластиктен аскердик кемелерди жасоону пландаштырууда. Анткени мындай кемелер согуш учурунда жабыркап калган кезде деле суу астына чөкпөйт.

Андан сырткары бул материал келечекте унааларды жасаганга колдонулушу мүмкүн деп айтышат адистер. Себеби бул жаңы пайда болгон материал жеңил гана эмес, өтө ысык температурага да чыдамдуу болгондуктан машинелердин мотор тетиктерине да жарай берет.

Көп линзалуу фотокамера

Ал эми Бостон шаарынын тургуну Франсиско Агюлэр көп линзалуу тоголок фотокамераны жасап чыкты. Бул "Эксплорер" (Explorer) деп аталган "акылдуу" фотокамералар бир секунданын ичинде бир канча жолу сүрөткө тартып жана аларды заматта смартфонго жиберип турат.

Формасы тоголок жана сырткы кабыгы бекем материалдан жасалган бул сүрөткө тартуучу камералар, эксперттердин айтымында, өзгөчө кылмышкерлерди кармоо максатында колдонгонго ыңгайлуу.

Франсиско Агюлэрдин маалыматына ылайык, учурда бул камералар АКШ полициясында текшерүүдөн өтүп жатат.

Белгилүү болгондой, "Эксплорер" камерасы 2012-жылы жасала башталган жана көпчүлүк масс медиалар тарабынан чоң кызыгуу жаратып, "2012-жылдын мыкты жаңылыгы" наамын алган.

XS
SM
MD
LG