Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:50

Керри: Иран «Женева-2» конференциясына пайда алып келет


АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрдө Иран бейрасмий роль ойной алат деп билдирди.

Ошентип жекшемби күнү Обаманын администрациясы алгачкы жолу Ирандын Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышуусуна жол ачты. Керри түшүндүргөндөй, Иран министрлер деңгээлинде конференцияга катыша албайт, себеби өткөн жылы ал Сирия боюнча эл аралык макулдашууну колдобой койгон. Сирия боюнча эл аралык конференция 22-январда Швейцариянын Монтрё шаарында өтөт.

Керри Ирандын Женевадагы дипломаттык кеңсесин конференцияга бейрасмий түрдө катыштырууну сунуштады.

Бириккен улуттар уюмунун атайын өкүлү Лахдар Брахими Ирандын сүйлөшүүлөргө катышуусун колдойт жана БУУ өкүлдөрү Ирандын бейрасмий ролу боюнча сунуштун ишке ашуусуна кызыкдар.

- Иран өзөктүк программаны жана “Женева-2” конференциясын эске алып, эмне кылышты өзү жакшы билет. Сирия боюнча тынчтыкты бекемдей турган чечимдердин кабыл алынышына кызыкдар тараптар катары баарыбыз бизге тапшырылган жумушту аткарышыбыз керек, - деди Керри.

Иран менен ыркы келишпеген Израил Керринин сунушуна каршы чыкты. Ирандын “Женева-2” конференциясына катышуусун Орусия да катуу колдоп келет.

Ирандын Сирия боюнча конференцияга катышуусу Сириянын азыркы өкмөтүнө чоң колдоо болот жана Сириядагы оппозицияны колдогон өлкөлөрдүн басымына каршы турууга жардам берет. Иран Сириянын башында турган Асадды өлкөнүн мыйзамдуу лидери катары таанып, акыркы үч жылда курал-жарак менен камсыздап келет.

Асад конференцияга өз өкүлдөрүн жөнөтүүгө макул болгон. Конференцияга ошондой эле Сириядагы оппозициянын келиши күтүлүүдө.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри бир нече күн Жакынкы Чыгышта тынчтык жараянын бекемдөөгө арналган сапарда болду.

Керри Израил менен Палестинанын жетекчилерин чогуу отургузуп, тынчтык келишиминин планын түзүүгө көндүрүүгө аракеттенди.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG