Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:57

Иран боюнча АКШнын туруму сынга кабылды


АКШ менен Ирандын тышкы мекеме башчылары Жон Керри менен Мухаммад Жавад Зариф. Вена, 30-июнь, 2015-жыл,
АКШ менен Ирандын тышкы мекеме башчылары Жон Керри менен Мухаммад Жавад Зариф. Вена, 30-июнь, 2015-жыл,

АКШда Ирандын талаштуу ядролук программасы боюнча сүйлөшүүдөгү Вашингтондун позициясы сынга кабылды.

Айрым сынчылар АКШ бул сүйлөшүүдө Иран менен өтө эле көп мунасага барып койгонун айтууда. Расмийлер болсо мындай божомолдорду дароо четке какты. Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча жыйынтык келишим 7-июлга чейин түзүлүшү керек.

АКШда Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча корутунду келишим түзүлүүсү талап кылынган баштапкы мөөнөт аяктаганга чейин эле сынчылар Вашингтонду бул сүйлөшүүлөрдө катаң позицияда турууга чакыра баштаган.

Маселен, барандуу "Нью-Йорк Таймс" гезитине “Биз Иранга ишене албайбыз” деген аталышта макала жарыяланды. Корутунду келишимге жетишүүнүн баштапкы мөөнөтү – 30-июнда жарыяланган бул макалада Кошмо Штаттарда көпчүлүк сүйлөшүүлөрдүн абалына ыраазы эместиги айтылып, Вашингтон Тегерандын шарттарына көбүрөөк көнүп койгону сынга алынган.

АКШ президенти Барак Обама корутунду келишимдин алгачкы мөөнөтү белгиленген 30-июнда Ак үйдөгү маалымат жыйынында буларды айтты:

- Макулдашуулардын максаты - Ирандын ядролук куралга ээ болуу жолдоруна бөгөт койгон ишенимдүү механизмдерди орнотуу.

Американын мурдагы сенаторлорунан турган топ Ирандын ядролук объектилерин инспекциялоо четке кагылган келишимден АКШ кетиши керек деп эсептешет.

"Иран менен түзүлгөн кандай келишим болсо да инспекторлорго каалаган учурда Ирандын бардык аскерий жана башка объекттерин текшерүүгө мүмкүндүк берүүнү камтышы керек”, - деп айтылат билдирүүдө.

Иран жана Р5+1 тобу Тегерандын талаштуу ядролук программасы боюнча корутунду келишимге 7-июлга чейин жетишүүнү макулдашканын кечээ АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Мари Харф жарыялады. Себеби тараптар Венадагы сүйлөшүүдө мурда такталган мөөнөттө - 30-июндун түн ортосуна чейин бир бүтүмгө келе алышкан жок.

Венадагы сүйлөшүүгө Иран тобунун баштап келген тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф 30-июнда буларды айтты:

- Сүйлөшүүлөр өтө аяр баскычына жетти. Биз алдыга жыла алабыз, бирок, ал үчүн саясий эрк жана көп иш жасалыш керек.

АКШ расмийлеринин Ирандын өзөктүк программасы боюнча Венада 30-июнда жетишилчү корутунду келишими боюнча сүйлөшүү дагы бир аптага калганы дагы сын пикирлерди күчөттү.

АКШдагы мурдагы элчилери негиздеген УНАНИ деп аталган коммерциялык эмес уюм менен Борбордук чалгын кызматы – ЦРУнун мурдагы директору да Кошмо Штаттар бул сүйлөшүүдө “өтө алыска” кеткенин жана мындан ары тобокелчиликтерге бара албасын айткан.

Аталган уюм өткөн жумада медиага тараткан билдирүүдө Вашингтонду сүйлөшүүдө, анын ичинде Ирандын ядролук объектилерин текшерүүдө катаң позицияны кармоого чакырат.

АКШнын БУУдагы мурдагы элчиси УНАИНинин башкы директору Марк Уоллес Вашингтон буга чейин Женевада жетишилген келишимде Ирандын шарттарына көбүрөөк көнүп койгонун, эгер мындан ары да ошондой боло берсе бул эң начар келишимдин түзүлүшүнө алып келерин белгилейт

- Биз Америка буга чейинки позициясын алдырбай, тышкы саясаттагы салмагын өз деңгээлинде сактап калышын каалайбыз, - дейт Марк Уоллес.

Ал ошондой эле өзү жетектеген уюм бул келишим Ирандын ядролук инфраструктурасына дале кол тийбеген бойдон калышына жол ачып калбаса экен деп тынчсызданып жатканын кошумчалады.

Ушундай эле тынчсыздануулар акыркы күндөрдө америкалык мыйзамчылар тарабынан да айтылды.

Маселен, Сенаттын Тышкы байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Боб Коркер тынчсыздануусун мындайча билдирген:

- Ядролук программанын акырындан өнүктүрүүгө дагы жашыл жарык берип койбойбу деп корком. Иран ядролук программасына негиз түзүп алган соң жеңилдетилген санкциялардын жемишин көрө башташы мүмкүн.

Сенатор ошондой эле санкцияларды жеңилдетүү Ирандын келишим боюнча милдеттемелерин аткарууга негизделиши керек.

АКШ расмийлери болсо, Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүлөрдө өтө көп мунасага барган деген божомолдорду четке какты.

Р5+1 тобуна АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция жана Германия кирет.

Бул өлкөлөр Иранды ядролук программасын чектөөгө ынандырып, анын ордуна Тегеранга каршы киргизилген эл аралык санкцияларды алып салууга көндүрүүнүн аракетин көрүшүүдө. Сүйлөшүүгө АКШ мамкатчысы Жон Керри, Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Евробиримдиктин өкүлдөрү жана башкалар тартылган.

Жогоруда аталган алты чоң держава Тегеран ядролук программасын согуш максатында пайдаланышы мүмкүн деп кооптонушат. Иран өз кезегинде атомдук курал жасоого умтулбаганын айтып жүрөт. Ирандын ядролук программасы боюнча Тегеран менен Батыш ортосундагы талашка 12 жылга аяк басты. Мамдепартаменттин өкүлү билдиргендей, тараптар 7-июлга чейин корутунду келишим боюнча бир бүтүмгө келиши абзел.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG