Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:32

Египетти маршал Сиси башкарат


“Биз адилет, туруктуу, өнүккөн жана жараткандын мээри түшкөн күчтүү республиканы түзөбүз. Ал республика илим-билимге жана эмгекке таянат. Биздин ата-бабадан калган байлык биздин балдарыбызга жете турган мамлекет түзөбүз” - деген Египеттин алтынчы президентинин инаугурациясы коопсуздук чаралары күчөтүлгөн шартта Каирдеги Конституциялык соттун имаратында өттү. Расмий бөлүктөн кийин «Ал-Иттихадия» ак сарайында чет элдик жогорку даражалуу меймандарды кабыл алуу болду. Инагурацияга Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин катышты.
Президент Сисинин инаугурациясы, Каир, 08.06.2014
Президент Сисинин инаугурациясы, Каир, 08.06.2014
80 миллион калктуу мамлекеттин жаңы жетекчисинин алдында соңку үч жылда массалык нааразылыктын күчү менен эки президент алмашкан өлкөнү саясий жана экономикалык кризистен чыгаруу милдети турат. Дээрлик 30 жыл бийликте турган Хосни Мубаракка каршы чыккандар демократиялык реформаларды көздөсө, учурда карапайым көпчүлүккө коопсуздук менен туруктуулук маанилүү.

Үч жылдан бери тынчыбаган өлкөгө келген туристтердин агымы кескин азайган жана ошондой эле потенциалдуу инвесторлор Египеттин экономикасына салым кошуудан чочулайт. Мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы, ага кошумча жумушсуздук менен коррупциянын деңгээли өскөн.

Мурси бийликтен кулагандан кийин мамлекетти башкарууну убактылуу колуна алган аскерий жетекчилик АКШга лоялдуулугун көрсөткөн. Адистердин белгилегенине караганда, Египет экономикасындагы ар бир үчүнчү доллар Американын кошкон салымы. Дагы бир жагынан алганда Сиси өлкөдө туруктуулукту камсыз кылат деген фигура болуп саналгандыктан, аны Орусия, Кошмо Штаттар сыяктуу чоң державалар колдойт.

Жаңы президенттин сынчылары болсо “Абдел Фаттах Сиси – аскерий жетекчиликтин кызыкчылыгын коргогон авторитардык лидер” деп баалашат.

26-28-майда Египетте өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы боюнча Сиси 97% добуш алган. Анын жалгыз атаандашы Хамдин Сабахи 3% чукул гана добушка ээ болгон. Бул жолку шайлоодо 47,5% шайлоочу добуш берди, ал эми 2012-жылы Мурси шайлоонун экинчи айлампасында 51% добуш алган. Башкача айтканда ага 13 миллион шайлоочу добуш берген.

Өткөн жылдын 4-июлунда болгон мамлекеттик төңкөрүштө генерал Сиси орчундуу роль ойноп, демократиялык жол менен шайланган исламчыл лидер Мохаммед Мурси бийликтен кулатылган. Мурсини колдогон “Мусулман агайындар” кыймылына тыюу салынып, миңдеген жактоочулары камакка алынган, бир нечеси өлүм жазасына тартылды. Ислачыл кыймылдын жактоочулары бул жолу президенттик шайлоону бойкоттоду.

60 жаштагы фельдмаршал Абдел-Фаттах Саид Хусейн Халил ас-Сиси Египеттин алтынчы президенти, 27-мартка чейин өлкөнүн Жогорку аскер командачысы, Куралдуу күчтөрдүн Жогорку Советинин төрагасы жана премьер-министрдин орун басарынын кызматын ээлеп турду.

XS
SM
MD
LG