Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:30

Швецияда өзбек жаранынын үстүнөн сот башталды


Обидхон кары Назаров
Обидхон кары Назаров

Швециянын Эстерсунд шаардык соту өзбекстандык диссидент-диниятчы Обидхон кары Назаровго кол салуу окуясын кароого киришти.

Бул кылмышка Орусиядан кармалган Өзбекстандын жараны Юрий Жуковский да шектелүүдө. Сот иши эл аралык мааниге ээ болгондуктан сот залында коопсуздук чаралары күчөтүлгөнү маалымдалды.

Мамлекеттик айыптоочу соттолуучу Жуковскийди кол салууга шектүү деп тапкан далилдерди соттун кароосуна сунуштады. Жуковский быйыл августта Орусиядан кармалып, Швецияга өткөрүлүп берилген болчу.

Прокурор: имамга кол салуу бийликтин буюртмасы

Швециянын Эстерсунд шаардык соту белгилүү диниятчы жана Каримов режиминин сынчысы Обидхон Назаровго кол салуу боюнча ишти кароого киришти. “Азаттыктын” өзбек кызматынын кабарчысы соттолуучу Юрий Жуковский сот залына арткы эшиктен киргизилгенин маалымдады. Анын айтымында, сот күчөтүлгөн коопсуздук шартында өтүп, полиция сотко келгендерди тыкыр текшерүүдө. Бул күнү шаардык сот калган башка иштерди кароону кийинкиге жылдырган. Башында прокурор Петерсон жабырлануучу Обидхон Назаровдун Каримов режимине каяша кайтарган диниятчы жана саясий качкын болгонун баштан-аяк таржымалдады. Мындан сырткары прокурор эл аралык укук коргоо уюмдарынын отчетторунун негизинде Өзбекстандагы дин эркиндигине байланыштуу жагдайды баяндады.

Жабырлануучунун кенже уулу Давутхан Назаров мамлекеттик айыптоо анын атасына болгон кол салуунун саясий буюртма экенин ырастаган далилдерди келтирип жатканына токтолду:

- Мамлекеттик айыптоочу – прокурор айыпкерге байланыштуу далилдерди сотко биринен сала бирин келтирип жатат. Өзбекстандын улуттук коопсуздук кызматы тарабынан менин атама буга чейин болгон басым, коркутуу жана кол салуу фактылары тууралуу фактылар дагы айтылды. Ал мына ошонун бардыгы бул иштин артында саясий буюртма бар экенинен кабар берерин белгиледи. Бул жерде кылмыштын изи Өзбекстанга алып барары көрсөтүлдү. Ошондуктан кылмышты жасоонун артында саясат турганы жана андан башка эч нерсе болушу мүмкүн эместиги сот жүрүшүндө ырасталууда.

Далилдер шардана болгондо

Прокурор Кристер Петерсон Назаровго кол салууга шектелген Жуковскийге каршы далилдерди келтирди. Анда прокурор окуя болгон үйдүн эшигинен, рюкзактан жана анын ичиндеги тапанчадан, кол телефондон алынган манжа издери соттолуучу ижарага алган үйдөн алынган үлгүлөр менен окшош чыкканын билдирди. Ал айыпкердин ДНК анализдери дагы муну тастыктаганын мисал келтирди.

Мамлекеттик айыптоочу кылмыш жасалган куралдан тарта Жуковскийдин ошол учурдагы Швециядагы каттамдарын аныктаган техникалык далилдерди келтирди. Анын окуя болгонго чейин жабырлануучу жашаган шаарга эки ирет барып келгени көрсөтүлдү. Прокурор Жуковский Швецияга келгенге чейин бул жактагы өзбекстандык түгөйлөр Бахадыр Пулатов жана Нодира Аминова менен скайп аркылуу байланышканын тастыктап берди.

Окуяга чейин Жуковский Швециядан туруп бир нече жолу Өзбекстан жана Орусия менен телефон аркылуу байланышканы тастыкталган. Кылмышка шектелген Юрий Жуковский бул окуядан кийин тез арада Орусияга чыгып кеткен. Ал быйыл августта кармалып, Орусия аны Швецияга өткөрүп берген болчу. Биринчи жолу Жуковскийдин саясий качкындын өмүрүнө кол салуусуна катышы бардыгы тууралуу далилдер 2012-жылы жайында табылган. Анда Жуковскийдин жабырлануучу жашаган шаардагы видео байкагычка түшүп калган тасмасы чыккан. Прокурор Петерсон Жуковский 2011-жылы Латвиянын элчилигине шенген визасын алуу үчүн бир нече жолу кайрылып, акыркысында “Пахтакор” футболдук клубунун өтүнүчү менен алганын билдирди.

2012-жылы 22-февралда Швециянын Стромсунд шаарында Обидхон Назаровго куралдуу кол салуу болуп, октон оор жараат алган диниятчы үч жылдан бери оорудан оңоло албай, бир нече операцияны баштан кечирген.

XS
SM
MD
LG