Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Олланд элүү жылдык эмбаргону алууга үндөдү


Франциянын президенти Франсуа Олланд жана Кубанын мамлекет башчы Раул Кастро
Франциянын президенти Франсуа Олланд жана Кубанын мамлекет башчы Раул Кастро

Франциянын президенти Франсуа Олланд АКШны Кубага каршы мындан 50 жыл мурун киргизилген соода эмбаргосун алып салууга үндөдү.

Француз лидери өткөн жылдын этегинде АКШ менен аралдын жетекчилиги дипломатиялык алакаларды калыбына келтирүү тууралуу макулдашкандан бери Кубага барган алгачкы европалык жетекчи.

Олланд Куба мындан бир кылымдай илгери эгемендик алгандан бери аралга визит жасаган алгачкы франциялык лидер. Жоон топ жетекчилердин коштоосунда барган президент 11-майда Куба революциясынын атасы Фидел Кастро менен 50 мүнөттөй жолугуп, андан кийин азыркы мамлекет башчы Раул Кастро менен сүйлөштү.

Олланд 88 жаштагы Фиделди “Кубанын тарыхы, дүйнөнүн тарыхын жасаган киши” деп сыпаттап, аны менен кездешүү ал үчүн маанилүү болгонун айтты. “Албетте, анын орду, жоопкерчилиги тууралуу талаш-тартыш көп. Бирок мен бул жакка келгенден кийин аны менен жолугушууну кааладым”, - деди француз лидери.

Ошол эле күнү эртең менен Олланд Гавана университетинин студенттери алдында сөз сүйлөп жатып, АКШны эмбаргону токтотууга чакырды:

- Франция Кубанын өнүгүшүнө бут тосуп келаткан эмбаргонун алынышын ар дайым жактап келгенин билесиздер. Бирок айрым учурларда товарлардын агымына тыюу салууга мүмкүн болсо, идеялар менен маданияттын жайылышына эч нерсе жолтоо боло албайт.

Париж Фидел Кастронун жетектөөсүндөгү 1959-жылкы ыңкылаптан кийин Гавана менен дайыма жакшы мамилелерди сактап келген. Эсиңиздерге сала кетсек, 1996-жылы Европа биримдиги Куба менен мамилелерди ал өлкөдөгү демократиялык жылыштарга жана адам укуктарына байлаган бирдиктүү позиция кабыл алынган.

Франциялык байкоочулар бул сапар тарыхый жана стратегиялык мааниге ээ дешет.

Латын Америкасы боюнча аналитик, политолог Жанет Хабел белгилегендей, “Франция эбактан бери эле эмбаргого каршы болчу. Президент Франсуа Миттерандын аны "маңызсыз эмбарго" деп атаганы бар.

1990-жылдардын башында, СССР урагандан кийинки кризис учурунда дал Франциянын арачылыгы менен Кубада өндүрүлгөн шекерди айырбаштоо боюнча механизмдер ишке ашырылып келген.

Европа азыркыга чейин Кубанын эң ири инвестору бойдон кала берүүдө. Биринчи орундарда Испания жана Голландия турат.

Президент ошондой эле Кубанын бийлигин эркин соода-сатыкка, француз ишканаларын ачууга мүмкүнчүлүк берген шарттарды түзүүгө үндөдү.

Маданият тармагындагы кызматташууга келсек, аралдагы Француз альянсында 12 миңдей киши француз тилин үйрөнөт. Байкоочулар экономикалык алакалар жанданса, маданий катнаш, туризм да өрчүйт деген пикирде.

АКШдан гана көз каранды болууну каалабаган Куба да өз кезегинде эски континент менен соода, башка чөйрөлөрдөгү кызматташтыкка кызыкдар.

Арйине, Олланддын визити учурунда Кубадагы адам укуктарынын абалы боюнча теманы убада кылынгандай, козголгон-козголбогону тууралуу айтылган жок.

Сапардын алдында “Чек арасыз кабарчылар” бейөкмөт уюму француз президентине ачык кат менен кайрылып, Раул Кастрону аралдагы сөз эркиндигинин абалын жакшыртууга үндөөгө өтүнгөн.

Рауль Кастро менен Рим папасы
Рауль Кастро менен Рим папасы

Ал тапта Вашингтондо президент Барак Обама эмки жылы Кубага барууну пландап жатканын билдирди. Ал эми өткөн жекшембиде Раул Кастрону кабыл алган Рим папасы Франциск ушул сентябрда Гаванада сапарда болмокчу.

Өткөн жылдын 18-декабрында Обама 1961-жылы үзүлүп калган дипломатиялык алакаларды жандандыруу тууралуу жарыялаган. Үстүбүздөгү жылдын апрелинде болсо, эки президент жарым кылымдан бери алгачкы жолу кездешип, көп узабай Обама Конгресстен Кубаны терроризмди колдогон мамлекеттердин “кара тизмесинен” чыгарууну суранган.

Ортодогу мамилелер 1959-жылкы ыңкылапта бийликке Фидел Кастро келгенден кийин бузулган.

XS
SM
MD
LG